Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 389
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин чегиндеги башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Перечень, пределы" деген сөздөр "Перечень и пределы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1 жана 6-2-пункттар менен толукталсын:
"6-1. Адамдардын жана транспорт каражаттарынын чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин чегинде, чек арадан өткөрүү пункттарына чейин же тескери багытта транзиттик жүрүүсүнө адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү анык документтер боюнча уруксат берилет.
Өзгөчө кырдаалдардын, техникалык бузулуулардын, адамдарга тез медициналык жардам көрсөтүүнүн, жөө адамдардын жана ичиндеги адамдардын булчуң күчү менен кыймылга келтирилген транспорт каражаттарында бара жаткан адамдардын кыска убакытка эс алуу үчүн токтогон учурларынан тышкары, белгиленген жүрүү маршрутун өзгөртүүгө, транспорт каражаттарын токтотууга, адамдарды түшүрүүгө (отургузууга), жүктү жана башка мүлктү түшүрүүгө (жүктөөгө), ар кандай учуучу аппараттарды, анын ичинде учкучсуз аппараттарын абага учурууга, кондурууга же кабыл алууга тыюу салынат.
6-2. Транспорттук, өнөр жай, айыл чарба жана суу чарба багытындагы трансчек аралык курулмаларды, коммуникацияларды, электр байланыш тармактарын жана электр берүү линияларын тейлөөдө, малды айдоо жана чектеш мамлекеттер менен биргелешкен чарбалык жана башка ишти жүргүзгөн башка учурларда чек ара тилкесине жана чек ара аймагына өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүү пункттарынан тышкары башка жерлерден анык документтердин негизинде жана уюмдардын жетекчилиги күбөлөндүргөн, чек ара өкүлдөрү аркылуу чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга иш башталганга чейин 15 сутка мурда алдын ала берилген, аты-жөнү жазылган тизме боюнча ишке ашырылат.
Чек ара аймагында жана чек ара тилкесинде чарбалык ишти жүргүзүүнүн башка тартиби Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
- 7-пункттагы "5 жана 6" деген сөздөр "5, 6, 6-1 жана 6-2" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарынын жана чек ара тилкесинин тизмеги жана чектери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
"Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарынын жана чек ара тилкесинин ТИЗМЕГИ ЖАНА ЧЕКТЕРИ
1-глава. Баткен облусу
1. Кыргыз-өзбек участогунда чек ара аймагынын чеги ич жагынан төмөнкү сызык менен чектелсин:
1) бел. 1116 (40°18'40,9" т.к. 72°6'22,1" ч.у.), бел. 1053 (40°13'35,2" т.к. 72°4'11,9" ч.у.), бел. 1107 (40°12'12,11" т.к. 71°58'51,4" ч.у.), бел. 909 (40°12'40,8" т.к. 71°54'36,3" ч.у.), бел. 1648 (40°7'2,3" т.к. 71°44'18,8" ч.у.), бел. 972 (40°10'47,1" т.к. 71°31'57,7" ч.у.), бел. 907 (40°15'22,799" т.к. 71°18'38,327" ч.у.), бел. 967 (40°13'17,9" т.к. 71°4'2,9" ч.у.).
Чек ара аймагынын төмөнкү участогундагы жер тилкесинде чек ара режими белгиленбейт:
- оң жагынан: бел. 1011 (40°18'6,4" т.к. 71°59'5,1" ч.у.) - бел. 1116 (40°18'40,9" т.к. 72°6'22,1" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 507 (40°20'10,1" т.к. 71°15'30,9" ч.у.) - бел. 907 (40°15'22,8" т.к. 71°18'38,3" ч.у.);
2) Сох анклавы: бел. 967 (40°13'16,3" т.к. 71°4'0,6" ч.у.), Малмут ашуусу (40°2'10,7" т.к. 71°14'41,7" ч.у.), бел. 1401 (39°58'51,6" т.к. 71°12'4,7" ч.у.), бел. 1868 (39°58'9,2" т.к. 71°14'33,3" ч.у.), бел. 1874 (39°55'27,8" т.к. 71°17'46,1" ч.у.), бел. 3137 (39°52'14,6" т.к. 71°11'37,695" ч.у.), бел. 2556 (39°51'50,5" т.к. 71°3'46,5" ч.у.), бел. 2222 (39°52'26,371" т.к. 70°58'46,2" ч.у.), бел. 1758 (39°57'34,8" т.к. 71°1'6,5" ч.у.), бел. 1559 (40°1'27,6" т.к. 70°59'7,3" ч.у.), бел. 1628 (40°3'22,2" т.к. 70°56'31,02" ч.у.), бел. 1084 (40°6'52,7" т.к. 70°56'20,6" ч.у.).
Чек ара аймагынын төмөнкү участогундагы жер тилкесинде чек ара режими белгиленбейт:
- оң жагынан: каш. (39°58'13,8" т.к. 71°9'59,8" ч.у.) - бел. 1868 (39°58'9,2" т.к. 71°14'33,3" ч.у.);
- сол жагынан: Сай к.к. менен кошо (39°54'24,7" т.к. 71°11'57,7" ч.у.) - бел. 3137 (39°52'14,6" т.к. 71°11'37,7" ч.у.);
- оң жагынан: чек ара кай. (39°53'6,9" т.к. 71°7'38,7" ч.у.) - Кыштут к.к. (39°51'0,882" т.к. 71°7'37,99" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1527 (40°1'21,7" т.к. 71°4'29,2" ч.у.) - бел. 1559 (40°1'27,6" т.к. 70°59'7,3" ч.у.);
3) Шахимардан анклавы: Кызыл-Булак к.к. (40°3'35,9" т.к. 71°44'19,9" ч.у.), Бел-Мазар ашуусу (39°59'28,6" т.к. 71°54'34,1" ч.у.), бел. 1959 (39°55'16,4" т.к. 71°52'28,8" ч.у.), альп. лаг. Дугова (39°55'18,6" т.к. 71°45'18,6" ч.у.), Кара-Шоро к.к. (39°56'22,33" т.к. 71°38'36,9" ч.у.), бел. 2075 (40°0'27,1" т.к. 71°44'23,3" ч.у.), Кызыл-Булак к.к. (40°3'35,9" т.к. 71°44'19,9" ч.у.).
2. Кыргыз-өзбек участогунда чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) 2000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 729 (40°21'18,5" т.к. 72°0'41,7" ч.у.) - бел. 1116 (40°18'40,9" т.к. 72°6'22,1" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1011 (40°18'6,4" т.к. 71°59'5,1" ч.у.) - бел. 1189 (40°18'14,9" т.к. 72°3'42,8" ч.у.);
2) Мамлекеттик чек арадан 100 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 1011 (40°18'6,4" т.к. 71°59'5,1" ч.у.) - бел. 1189 (40°18'14,6" т.к. 72°3'42,8" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 507 (40°20'10,1" т.к. 71°15'30,9" ч.у.) - бел. 522 (40°18'57,5" т.к. 71°15'41,2" ч.у.);
3) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 507 (40°20'10,1" т.к. 71°15'30,9" ч.у.) - бел. 522 (40°18'57,5" т.к. 71°15'41,2" ч.у.);
- сол жагынан: үч чек аранын тогошуусу (40°13'20,7" т.к. 70°59'1,4" ч.у.) - бел. 967 (40°13'17,9" т.к. 71°4'2,9" ч.у.).
3. Сох анклавынын периметри боюнча чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын:
1) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: Ак-Оток к.к. (40°10'39,4" т.к. 71°2'31,7" ч.у.) - бел. 967 (40°13'17,9" т.к. 71°4'2,9" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1274 (40°4'41,9" т.к. 71°6'26,9" ч.у.) - бел. 1380 (40°5'54,8" т.к. 71°9'20,9" ч.у.);
2) Мамлекеттик чек арадан 3000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 1274 (40°4'41,9" т.к. 71°6'26,9" ч.у.) - бел. 1380 (40°5'54,8" т.к. 71°9'20,9" ч.у.);
- сол жагынан: каш. (39°58'13,9" т.к. 71°9'59,8" ч.у.) - бел. 1868 (39°58'9,2" т.к. 71°14'33,4" ч.у.);
3) Мамлекеттик чек арадан 100 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: каш. (39°58'13,9" т.к. 71°9'59,8" ч.у.) - бел. 1868 (39°58'9,2" т.к. 71°14'33,4" ч.у.);
- сол жагынан: Сай к.к. менен кошо (39°54'24,8" т.к. 71°11'57,7" ч.у.) - бел. 3137 (39°52'14,6" т.к. 71°11'37,7" ч.у.);
4) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: Сай к.к. менен кошо (39°54'24,8" т.к. 71°11'57,7" ч.у.) - бел. 3137 (39°52'14,6" т.к. 71°11'37,7" ч.у.);
- сол жагынан: чек ара кай. (39°53'6,9" т.к. 71°7'38,7" ч.у.) - к.к. Кыштут (39°51'0,9" т.к. 71°7'37,9" ч.у.);
5) Мамлекеттик чек арадан 100 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: чек ара кай.(39°53'6,9" т.к. 71°7'38,7" ч.у.) - Кыштут к.к. (39°51'0,9" т.к. 71°7'37,9" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1527 (40°1'21,7" т.к. 71°4'29,2" ч.у.) - бел. 1559 (40°1'27,6" т.к. 70°59'7,3" ч.у.);
6) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 1527 (40°1'21,7" т.к. 71°4'29,2" ч.у.) - бел. 1559 (40°1'27,6" т.к. 70°59'7,3" ч.у.);
- сол жагынан: Ак-Оток к.к. (40°10'39,3" т.к. 71°2'31,7" ч.у.) - бел. 967 (40°13'17,9" т.к. 71°4'2,9" ч.у.).
4. Шахимардан анклавынын периметри боюнча чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын: Мамлекеттик чек арадан 100 метр.
5. Чоӊгара анклавынын периметри боюнча чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын: Мамлекеттик чек арадан 50 метр.
6. Таш-Дөбө анклавынын периметри боюнча чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын: Мамлекеттик чек арадан 50 метр.
7. Кыргыз-тажик участогунда чек ара аймагынын чеги ич жагынан төмөнкү сызык менен чектелсин:
1) бел. 1084 (40°6'52,7" т.к. 70°56'20,6" ч.у.), бел. 912 (40°7'55,4" т.к. 70°51'34,6" ч.у.), бел. 1269 (40°3'5,9" С 70°41'26,5" ч.у.), бел. 2032 (39°55'51,3" т.к. 70°38'34,8" ч.у.), бел. 1270 (39°56'51,4" т.к. 70°25'25,6" ч.у.), бел. 1196 (40°0'0,1" т.к. 70°29'10,8" ч.у.), бел. 1769 (40°1'56,6" т.к. 70°18'27,8" ч.у.), Оильма ашуусу (40°2'57,2" т.к. 70°9'44,1" ч.у.), бел. 937 (40°7'43,0" т.к. 69°57'15,4" ч.у.), бел. 1115 (40°0'20,0" т.к. 69°36'0,4" ч.у.), бел. 1893 (39°53'33,1" т.к. 69°36'24,5" ч.у.), Ак-Суу к.к. (39°53'26,1" т.к. 69°22'10,4" ч.у.), бел. 3472 (39°41'17,8" т.к. 69°25'38,8" ч.у.), бел. 3619 (39°40'37,6" т.к. 69°31'46,8" ч.у.), бел. 2120 (39°43'37,2" т.к. 69°39'19,4" ч.у.), бел. 4333 (39°41'5,3" т.к. 69°51'32,1" ч.у.), бел. 4334 (39°41'2,0" т.к. 70°7'25,7" ч.у.), бел. 4149 (39°44'32,4" т.к. 70°33'22,2" ч.у.), Хожаачкан ашуусу (39°41'20,9" т.к. 71°7'58,7" ч.у.), бел. 3789 (39°51'44,9" т.к. 71°39'35,4" ч.у.), бел. 3317 (39°41'50,8" т.к. 71°39'23,4" ч.у.).
Чек ара аймагынын төмөнкү участогундагы жер тилкесинде чек ара режими белгиленбейт:
- оң жагынан: Лаккон к.к. чыгыш чети (40°10'35,7" т.к. 70°52'0,8" ч.у.) - бел. 1084 (40°6'52,7" т.к. 70°56'20,6" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1520 (40°2'55,2" т.к. 70°30'56,2" ч.у.) - бел. 1196 (40°0'0,1" т.к. 70°29'10,8" ч.у.);
- оң жагынан: бел. 648 (40°12'39,4" т.к. 70°3'23,8" ч.у.) - бел. 937 (40°7'43,0" т.к. 69°57'15,4" ч.у.);
- сол жагынан: Тажикобад к.к. (40°5'51,6" т.к. 69°31'18,5" ч.у.) - бел. 1115 (40°0'20,1" т.к. 69°36'0,4" ч.у.);
- оң жагынан: бел. 1511 (39°56'0,9" т.к. 69°32'23,8" ч.у.) - Кыял-Сай к.к. (39°57'23,1" т.к. 69°34'19,6" ч.у.);
- сол жагынан: суу сактагыч (39°55'21,6" т.к. 69°28'49,6" ч.у.) - Самат к.к. (39°54'31,4" т.к. 69°30'41,3" ч.у.);
2) Ворух анклавы: бел. 2032 (39°55'51,2" т.к. 70°38'34,8" ч.у.), Жан-Булак (39°53'58,2" т.к. 70°48'34,3" ч.у.), бел. 3051 (39°47'42,6" т.к. 70°47'43,3" ч.у.), бел. 3212 (39°43'58,2" т.к. 70°39'46,5" ч.у.), бел. 4149 (39°44'31,6" т.к. 70°33'22,0" ч.у.), бел. 2205 (39°50'20,0" т.к. 70°27'59,3" ч.у.), Капчыгай к.к. (39°53'46,6" т.к. 70°30'11,9" ч.у.), бел. 2032 (39°55'51,2" т.к. 70°38'34,8" ч.у.).
8. Кыргыз-тажик участогунда чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын:
1) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: үч чек аранын тогошуусу (40°13'20,7" т.к. 70°59'1,4" ч.у.) - бел. 967 (40°13'17,9" т.к. 71°4'2,9" ч.у.);
- сол жагынан: Лаккон к.к. чыгыш чети (40°10'35,7" т.к. 70°52'0,8" ч.у.) - бел. 1084 (40°6'52,7" т.к. 70°56'20,6" ч.у.);
2) Мамлекеттик чек арадан 50 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: Лаккон к.к. чыгыш чети (40°10'35,7" т.к. 70°52'0,8" ч.у.) - бел. 1084 (40°6'52,7" т.к. 70°56'20,6" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1520 (40°2'55,2" т.к. 70°30'56,2" ч.у.) - бел. 1196 (40°0'0,1" т.к. 70°29'10,8" ч.у.);
3) Мамлекеттик чек арадан 4000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 1520 (40°2'55,2" т.к. 70°30'56,2" ч.у.) - бел. 1196 (40°0'0,1" т.к. 70°29'10,8" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 648 (40°12'39,4" т.к. 70°3'23,8" ч.у.) - бел. 937 (40°7'43,0" т.к. 69°57'15,4" ч.у.);
4) Мамлекеттик чек арадан 50 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 648 (40°12'39,4" т.к. 70°3'23,8" ч.у.) - бел. 937 (40°7'43,0" т.к. 69°57'15,4" ч.у.);
- сол жагынан: Тажикобад к.к. (40°5'51,6" т.к. 69°31'18,5" ч.у.) - бел. 1115 (40°0'20,1" т.к. 69°36'0,4" ч.у.);
5) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: Тажикобад к.к. (40°5'51,6" т.к. 69°31'18,5" ч.у.) - бел. 1115 (40°0'20,1" т.к. 69°36'0,4" ч.у.);
- сол жагынан: бел. 1511 (39°56'0,9" т.к. 69°32'23,8" ч.у.) - Кыял-Сай к.к. (39°57'23,1" т.к. 69°34'19,6" ч.у.);
6) Мамлекеттик чек арадан 50 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: бел. 1511 (39°56'0,9" т.к. 69°32'23,8" ч.у.) - Кыял-Сай к.к. (39°57'23,1" т.к. 69°34'19,6" ч.у.);
- сол жагынан: суу сактагыч (39°55'21,6" т.к. 69°28'49,6" ч.у.) - Самат к.к. (39°54'31,4" т.к. 69°30'41,3" ч.у.);
7) Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: суу сактагыч (39°55'21,6" т.к. 69°28'49,6" ч.у.) - Самат к.к. (39°54'31,4" т.к. 69°30'41,3" ч.у.);
- сол жагынан: Чашмагилдан ашуусу (39°39'1,3" т.к. 69°19'48,8" ч.у.) - бел. 3472 (39°41'17,8" т.к. 69°25'38,8" ч.у.);
8) Мамлекеттик чек арадан 5000 метр аралыктагы жер тилкесинде:
- оң жагынан: Чашмагилдан ашуусу (39°39'1,3" т.к. 69°19'48,8" ч.у.) - бел. 3472 (39°41'17,8" т.к. 69°25'38,8" ч.у.);
- сол жагынан: Гадаюлы ашуусу (39°35'54,6" т.к. 71°32'21,8" ч.у.) - бел. 4592 (9°42'12,6" т.к. 71°37'22,7" ч.у.).
9. Ворух анклавынын периметри боюнча чек ара тилкесинин эни төмөнкүдөй аныкталсын: Мамлекеттик чек арадан 100 метр.