Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Фонддор - эсеп болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө, күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттин каражаттарынын жана чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
Фонддор бюджеттик жана атайын эсеп түрүндө ачылат.
3. Фонддор Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
4. Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу жана бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеке жоопкерчилик тартат.
5. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун районду өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу жана бөлүштүрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким жеке жоопкерчилик тартат.
6. Фонддордун каражаттарын башкаруу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындык, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
7. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/ мамлекеттик орган/ишкердик субъекти;
2) долбоордун аткаруучусу - долбоордук өтүнмөсү фонддордун байкоочу кеңешинин жактыруусун алган, фонддордун аткаруу органы менен долбоорду каржылоого келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган/ ишкердик субъекти;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор - социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдарды жүзөгө ашыруунун көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандардын тобу тарабынан уюштурулган, жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын/ишкердик субъектинин атынан берилген форматтын негизинде долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле фонддордун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоодо Жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүндөгү жана калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын жакшыртууга багытталган калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
11) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттер тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор - олуттуу жакшырууларга алып келген, көйгөйлөрдү чечүүгө жана пайда алууга багытталган, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана пайда алуу максатында өзүн тобокелдикке салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги алдында мыйзамдар менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар;
14) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын аймагында/айыл аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
15) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды абаттоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилүүчү акча каражаттары;
16) жашыл экономика - адамдын бакубаттыгын жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика.