Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 370
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;
3) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери 3-тиркемеге ылайык;
4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бир айлык мөөнөттө аталган өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
4. "Кепилдик фонд", "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомдоруна долбоорлорду кошо каржылоо, ишкердик субъекттерине экономикалык долбоорлор боюнча бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча кепилдиктерди берүү жана кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга ӨТҮНМӨ
1. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | ||
Айыл аймагынын/шаардын/ мамлекеттнк органдын аталышы (мындан ары - өтүнмө ээси), анын ичинде: - ЖӨБдүн аткаруу органынын/мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү; - ЖӨБОнун/мамлекеттик органдын финансы бөлүмүнүн жетекчисинин аты-жөнү; - байланыш маалыматтары (почта дареги, телефон, факс, электрондук почта) |
| |
Долбоордун аталышы |
| |
Проблеманын баяндалышы (чечүүгө долбоор багытталган проблемалардын жана түзүлгөн кырдаалдын кыскача жана так баяндалышы) |
| |
Долбоордун максаты (долбоордун максатынын кыскача баяндалышы, кандай натыйжаларга жетүү керек) |
| |
Долбоордун милдеттери (долбоордун максатына жетүү үчүн зарыл болгон кадамдардын кыскача баяндалышы) |
| |
Демилгечи топтун курамы |
| |
Долбоордун болжолдуу узактыгы, жыл |
| |
Суралган сумманын өлчөмү, миң сом |
| |
Долбоордун жалпы наркы, миң сом |
| |
анын ичинде: - ЖӨБО акча каражаттары жана долбоордун наркынан % менен |
| |
- жергиликтүү коомчулуктун акча каражаттары жана долбоордун наркынан % менен |
| |
- акы төлөнбөгөн өздүк материалдар жана долбоордун наркынан % менен |
| |
- акы төлөнбөгөн өздүк техника, транспорт жана долбоордун наркынан % менен |
| |
- салымдардын башка түрлөрү жана долбоордун наркынан % менен |
| |
Долбоордун эсептик наркы, миң сом, анын ичинде: |
| |
1) курулуш иштери |
| |
2) материалдар |
| |
3) жабдуулар |
| |
4) техниканы жана транспортту ижарага алуу |
| |
5) консультациялык, эксперттик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөр (бардыгы), алардын ичинде: - долбоорду жана дизайнды даярдоо; - курулушту контролдоо; - окутуу |
| |
6) башка чыгымдар (баяндаңыз) |
| |
Пайыздык үлүш, анын ичинен акча каражаттары менен (сметанын деталдуу таблицалары (2-4-тиркемеге тиркелет) |
| |
Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо (коюлган максаттарга, милдеттерге, аткаруу графигине жана бөлүнгөн каражаттарга долбоордун шайкеш келишине ынануу үчүн ага мониторинг кантип жана кандай методдор менен жүзөгө ашырыларын баяндаңыз) |
| |
Өнөктөштөр жана долбоордун алкагында алардын ролу (долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөр кимдер болуп эсептелерин көрсөтүңүз. Алар долбоорго кандайча катышат. Кызматташуунун мүнөзүн баяндаңыз жана долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөрдү көрсөтүңүз) |
| |
Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары - эмне курулат, оңдолот же сатып алынат; - долбоорлордон ким жана кайсы коомдоштук топтору пайда алат; - долбоордун иштешинин натыйжасында кырдаал кандай өзгөрөт |
| |
Бул өтүнмөгө төмөнкү документтерди тиркейм (Фонддун кароосу үчүн берилген документтердин толуктугуна ынаныңыз, болбосо Сиздин кредиттик өтүнмөңүздү кароо процесси документтердин толук пакетин алганга чейин кийинкиге калтырылат, мында социалдык долбоорго өтүнмөдө өзүнчө тиркемелердин болушу милдеттүү болуп эсептелбейт): 2-1-тиркеме. Жыйынтыгы боюнча берилген долбоор/долбоорлор артыкчылыктуу деп таанылган жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет. 2-2-тиркеме. Артыкчылыктуу долбоорду бекитүү, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн жана жергиликтүү коомчулуктун каражаттарынын салымын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечимдеринин көчүрмөлөрү. 2-3-тиркеме. Техникалык документтер (мисалы, архитектуралык-пландоо тапшырмасы, инженердик-пландоо тапшырмасы, объекттин долбоору ж.б.). 2-3-1-тиркеме. Дефекттик акт. 2-4-тиркеме. Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети. 2-5-тиркеме. Долбоорду ишке ашыруу планы. 2-6-тиркеме. Долбоордун туруктуулугу. 2-7-тиркеме. Биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы. 2-8-тиркеме. Экологиялык талдоо боюнча чек-барак. 2-9-тиркеме. Кепилдик каттары, фото документтер (бар болгондо) | ||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар толук жана анык экендигин ырастайм | ||
_____________________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) | _____________________________ (колу, мөөрү) | ____________________________ (дата) |
|
|
|