Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча МЕТОДИКА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикада (мындан ары - Методика) колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетүү даражасын мүнөздөөчү көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү жана иш жүзүндөгү иш-аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Бул Методиканын максаты фонддордун аткаруу органдарына (бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө) жана фонддордун байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Методика ошондой эле Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптардын аткарылышын камсыз кылат.
3. МБнын жыйынтыгы боюнча аткаруу органы ар жылдык негизде, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Методика байкоочу кеңештин чечими менен бекитилет. аткаруу органынын сунушу боюнча байкоочу кеңеш мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:
1) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси тарабынан дайындалган байкоочу кеңештин өкүлү;
2) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгуучу байкоочу кеңештин өкүлү;
3) байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын атынан чыгуучу байкоочу кеңештин өкүлү;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына өкүлдөнгөн аткаруу органынын өкүлү.
5. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү фонддордун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун топтоо жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг жүргүзүү тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторинг жүргүзүү планын аткаруу органынын башчысы бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын алкагында коюлган максаттарга жетүүсү боюнча фонддордун каражаттарды пайдалануусуна жана ишке ашырылган долбоорлорго реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалыматты берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында жана ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг эмне болду? баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз)? деген суроолорго жооп берет.
Баалоо натыйжаларга кантип жетишилди? эмне үчүн четтөөлөр пайда болду? жана каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)? деген суроолорго жооп берет.
12. Жобонун талаптарына (Жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал фонддордун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык деңгээлде жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандай аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын орто аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор пландык көрсөткүчкө иш жүзүндөгүнүн катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык фонддор үчүн бирдиктүү болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)