Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2025-жылдын 28-июлундагы№ 42 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин өкүлдөрүнүн (шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын) укуктук статусун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктук статусун жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасында чыныгы эркин, адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүнү, жарандардын, саясий партиялардын шайлоо укуктарынын ишке ашуусун камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциянын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин өкүлдөрүнө шайлоо боюнча жана каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, шайлоо комиссиясындагы өкүл, ишенимдүү адам, талапкерди көрсөтүп жаткан байкоочулар кирет.
Саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо боюнча жана каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр кирет.
2. Шайлоо комиссияларында талапкерлердин өкүлдөрүнүн статусу
5. Талапкерлер катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иштеген жери (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык байланыштары тууралуу маалыматтарды берүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясында өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссиясындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин кабыл алынат.
6. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
7. Кыргыз Республикасынын 21 жашка чыккан, жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жараны шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуктуу.
8. Шайлоо комиссиясында өкүл болууга төмөнкүлөр укуксуз:
- Жогорку Кенештин, жергиликтүү кенештин депутаттары;
- Жогорку Кенештин, жергиликтүү кенештин депутаттыгына талапкерлер;
- саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- судьялар, аскер кызматчылары, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- соттуулугу белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган адамдар.
9. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.
10. Шайлоо комиссиясындагы өкүл, мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.
11. Шайлоо комиссиясындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
12. Шайлоо комиссиясындагы өкүл төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана алардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга.
7) шайлоочунун инсандыгын көрсөткөн документтин дал келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө.
13. Шайлоо комиссиясындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
14. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттин чечими менен каалаган убакта токтотулушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.
Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулат.
Шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
Талапкер тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун жыйынтыктарына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.
15. Шайлоо комиссиясындагы өкүл "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.