Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 567
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын
калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп
чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын башкы пландар менен толук камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 480 000 000 (төрт жүз сексен миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражаттарын карасын;
2) 2027–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди иштеп чыгууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 480 000 000 (төрт жүз сексен миллион) сомдон кем эмес акча каражаттарын жыл сайын издеп тапсын жана бөлүп турсун.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тиешелүү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумуштардын заказчысы катары чыгуу, бюджеттердин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык каражаттарды кароо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү аймактардын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу, долбоордук уюмдар менен келишимдерди түзүү жана Программаны белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ар кандай деңгээлдеги шаар куруу документтерин жана техникалык ченемдерди иштеп чыгуу үчүн каражаттарды тартуу боюнча эл аралык жана башка инвестициялык донор уюмдар менен ишти туруктуу негизде жүргүзсүн;