Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августундагы № 535
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
– 1.2-пункттун сексен бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Такси” – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, “Такси” деген таануучу белгиси, оң абалдагы таксометри, ташуучунун аталышы (дареги, телефон номери), айдоочунун аты-жөнү, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси, лицензиянын номери жана жарактуулук мөөнөтү, айдоочунун сүрөтү көрсөтүлгөн табличкасы бар транспорт каражаттары. “Такси” таанытуучу белгиси “Т” деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Автоунаанын огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автоунааларды жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.”;
– 4-пунктта:
отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ташуучу – жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автоунаа транспорт каражатына жана аймагына, транспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, буга тиешелүү лицензиясы бар же жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды тапшырык кылуу үчүн колдонулуучу аппараттык-программалык комплексти, интернет-платформаны жана (же) мобилдик тиркемени, колл-борборду пайдаланган юридикалык же жеке жак же болбосо автоунаа транспорт каражатына ээ болгон, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин жана/же жеке эмгек ишмердигинин субъекти катары катталган жана/же маалыматтык система аркылуу кызматтарды көрсөтүүчү жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте берилген, ошол ишти жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар жеке жак;”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: