Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 6-августу № 148-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-главада (Кирешелердин классификациясы):
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу, “Атайын режимдер боюнча салыктар” (1112) топчосу, “Патенттин негизинде салык” (11122) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“ | 11122400 | Соода ишине патент |
|
| 11122900 | Атайын режимдер боюнча башка салыктар | ”; |
- (1113) “Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар” топчосу, (11131) “Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“ | 11131300 | Транзакцияларга салык |
|
| 11131900 | Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган башка салыктар | ”; |
- “Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери” (133) тобу, “Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери менен алынган каражаттар” (1333) топчосу, “Республикалык бюджеттен Социалдык фонддун бюджетине алынган каражаттар” (13331) беренеси төмөнкүдөй элемент менен толукталсын:
“ | 13331810 | Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар | ”; |
- 1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобунун аталышындагы “эки”деген сөз “төрт” деген сөзгө алмаштырылсын;
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу төмөнкүдөй топчолор менен толукталсын:
“- 1113 Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар;
- 1114 Бирдиктүү салык төлөмү”;
- “Кирешеге жана пайдага салыктар” (111) тобу, “Атайын режимдер боюнча салыктар” (1112) топчосу, “Патенттин негизинде салык” (11122) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“- 11122400 Соода ишине патент;
- 11122900 Атайын режимдер боюнча башка салыктар”;
- “Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар” (1113) топчосу төмөнкүдөй элементтерге бөлүнсүн:
“- 11131 Кумтөрдүн дүң кирешесине салык;
- 11131100 Кумтөрдүн дүң кирешесине салык;
- 11131200 Кумтөрдөн Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстар базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма;
- 11131100, 11131200 элементтеринде 2009-жылдын 24-апрелиндеги Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун 1.4.2 “Дүң кирешеге салык” пунктуна жана 1.4.3 “Кошумча салыктар” пунктунун б пунктчасына ылайык Кумтөрдөн түшкөн акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлөт”;
- “Кумтөрдүн дүң кирешесине салык” (11131) беренеси төмөнкүдөй элементтер менен толукталсын:
“- 11131300 Транзакцияларга салык;