Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-августу № 288
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын финансы министрине;
2) Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
3) Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Түрк инвестициялык фондунда - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине.
2. Башкаруучунун альтернаты болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Эл аралык валюта фондунда, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
2) Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык финансы корпорациясында, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
3) Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
4) Түрк инвестициялык фондунда - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.
3. Төмөнкүлөр дайындалсын:
1) Кыргыз Республикасынын финансы министри Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;
2) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Евразия өнүктүрүү банкынын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;
3) Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Евразия өнүктүрүү банкынын кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 60 тескемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 128 тескемеси.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |