Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 44
Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пунктуна акысыз пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын 2025-жылдын 16-майындагы №29706 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташылып келинген товарларды эсепке алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункту үчүн жер тилкесин акысыз пайдаланууга берүү маселесин айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Ашимовду угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Контур №835тен 2 гектар жайыт жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына акысыз пайдаланууга берилсин.
2. Бул маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Тубекбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |