Загрузка документа…
Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 27-апррелиндеги №88 токтомунун редакциясына ылайык
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 54
Кадамжай шаарынын аймагында салык эмес төлөмдөрдүн (түтүн пулу) тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы таштандыларды тазалоо (түтүн пулу) үчүн ар бир турак жайга (кожолука) жылына бир жолу 50 (элүү) сом, юридикалык жеке ишканалардын ар бир кызматкерлерине 100 (жүз) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы № 54 токтомуна 2-пункт киргизилип, төмөндөгүдөй болуп окулсун:
“2. Кадамжай шаарынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин, 2026-жылдын 1-июлунан кийин жаңы катталган субъектер үчүн Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20нан кечиктирбестен, ал эми 2027-жылдын 1-апрелине чейин жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |