Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-августундагы № 484 токтомуна)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өз функцияларын жүзөгө ашырат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ушул Жобону, ведомстволук буйруктарды жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик токой фондусунда мамлекеттик өрт көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук коопсуздук, коргоо, жаза аткаруу системасы, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын объекттериндеги мамлекеттик өрт көзөмөлү, тиешелүүлүгүнө жараша, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ушул ведомстволор тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Темир жол транспортунун объекттеринде мамлекеттик өрт көзөмөлү "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы тарабынан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Шахталарда, тоо-кендик иштетүүлөрдө жана башка жер астындагы курулмаларда, аба кемелеринде жана суу транспортунда мамлекеттик өрт көзөмөлү алар карамагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик өрт көзөмөлү - бул өлкөдө өрт коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоого багытталган, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошондой эле менчиктин бардык түрүндөгү мүлктү өрттөн коргоо максатында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик көзөмөлдөө ишинин атайын түрү;
2) өрткө каршы мамлекеттик профилактика - өрттүн алдын алууга, жайылып кетишин токтотууга жана өрт чыгуу ыктымалынын себептерин жоюуга, өрттү ийгиликтүү өчүрүү, ошондой эле адамдарды жана мүлктү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүүгө, келип чыккан өрттү өз убагында табууну жана адамдарга өрт жөнүндө тез арада кабарлоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) өрткө каршы пропаганда - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, атайын адабияттарды жана буклеттерди басып чыгаруу жана таратуу, калкты социалдык тармактар аркылуу маалымдоо, тематикалык көргөзмөлөрдү, кароолорду, конференцияларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган маалымдоонун башка формаларын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылуучу, өрт коопсуздугун камсыз кылуунун көйгөйлөрү жана жолдору жөнүндө коомго максаттуу маалымдоо;
4) өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн корголгон абалы;
5) өрт коопсуздугунун талаптары - өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында белгиленген социалдык жана/же техникалык мүнөздөгү атайын шарттар;
6) өрт коопсуздугунун чаралары - юридикалык же жеке жактардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча аракеттери;
7) өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу - жеке же юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы;
8) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жана контролунун жазма эскертүүсү - юридикалык же жеке жактар белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү болгон, өрттү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспектордун өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды жоюу боюнча иш-чараларды, анын ичинде курулуп жаткан ишканалардын, коргоо объекттеринин, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өрт коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын камтыган жазуу жүзүндөгү буйругу;
9) өрт көзөмөлү жана контролу боюнча мамлекеттик инспектор - "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы;
10) өрт-техникалык изилдөө - өрттүн алдын алууга, мүмкүн болгон өрттүн жайылышын чектөөгө шарттарды түзүүгө, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү эвакуациялоого, чыккан өрттү өз убагында аныктоону камсыз кылууга, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды тез арада чакырууга багытталган, өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүүчү текшерүү;
11) убактылуу токтото туруу жөнүндө токтом - бул адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле алардын мүлкүнө коркунуч туудурган объекттердин ишин же пайдаланылышын убактылуу токтото турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган расмий документ.