Редакцияот 02.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 5-сентябры № 548

Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Экспорттук контролдун натыйжалуу системасын түзүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер  жана  ведомстволор  ушул  токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобону ишке ашырууну камсыз кылсын жана жетекчиликке алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 67 (3723) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев