Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 8-сентябры № 767-т
Салыктык башкарууну жакшыртуу жана пайдаланууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыздоого талаптарды белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук (эксперименттик) режимде маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (мындан ары – ФПК) колдонуу киргизилсин.
3. Пилоттук долбоордун катышуучулары болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
1) салык кызматынын органдары;
2) төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчү:
– Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында олтуруучу орундардын саны 100дөн ашкан жана/же келүүчүлөрдү тейлөө залынын аянты 100 кв.метрден ашкан ресторандарда, барларда кызмат көрсөтүү боюнча – милдеттүү түрдө, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2026-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде;
– Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында керебет орундарынын саны 50дөн ашкан мейманканаларда кызмат көрсөтүү боюнча – милдеттүү түрдө, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде;
– Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу боюнча – милдеттүү түрдө, 2026-жылдын 1-февралынан тартып 31-июлуна чейинки мезгилде;
– бул пунктчанын экинчи–төртүнчү абзацтарына кирбегендер – ыктыярдуу негизде, долбоорго катышуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жактырылган учурда, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде;
3) ФПКсы төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчү тарабынан колдонулган ФПКнын оператору:
– мейманканаларда, ресторандарда, барларда кызмат көрсөтүү, ошондой эле автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу боюнча иш – милдеттүү түрдө;
– иштин башка түрлөрү – ыктыярдуу негизде.
4. ФПК операторунда ФПК катталган учурдан тартып салык төлөөчү – пилоттук долбоордун катышуучусу пилоттук долбоорго киргизилген объекттин дареги боюнча пайдаланылуучу контролдуккассалык машинаны каттоодон чыгарууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик органдар, анын ичинде санариптештирүү, электрондук башкаруу, санариптик технологияларды бирдей пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик органдар жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы органдар пилоттук долбоорду өткөрүүдө салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |