Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы №767-т |
Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө убактылуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) өткөрүү мезгилинде маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (мындан ары – ФПК) колдонуу тартибин жана шарттарын, ошондой эле пилоттук долбоордун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Убактылуу жобонун колдонулушу пилоттук долбоордун катышуучуларына жайылтылат.
3. Бул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) ФПК операторлорунун реестри – пилоттук долбоорго катышууга белгиленген тартипте ырастоо алган ФПКнын ар бир оператору боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы маалыматтардын жыйындысы;
2) ФПК модели – иштеп чыгуучу тарабынан ыйгарылган аталышы жана номери бар программалык камсыздоонун түрү (тиби) же версиясы;
3) ФПК оператору – ФПКны иштеп чыгуучу (ээси) болуп саналган же ФПКнын укук ээси же иштеп чыгуучусу менен түзүлгөн лицензиялык макулдашуунун, келишимдин негизинде башка уюм тарабынан иштелип чыккан ФПКны толуктап иштеп чыгууга жана/же жайылтууга укугу бар Кыргыз Республикасынын уюму же жеке ишкери;
4) ФПК – салык төлөөчүнүн салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерин аныктоо үчүн пайдалануучу маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу программалык камсыздоо (анын ичинде автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы);
5) ФПКнын техникалык документи – төмөнкүлөрдү камтыган документтердин топтому:
– ФПКнын шайкештик сертификаттары;
– ФПКнын сыпаттамасы;
– толук иштелип чыккан техникалык тапшырмалар;
– программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлердин тизмеси;
– ФПОнун архитектурасы жана анын ишин сыпаттоо схемасы;
6) ФПКнын эксплуатациялык документи – ФПКы пайдалануунун толук нускамасын камтыган иштеп чыгуучу, системалык администратор жана пайдалануучу үчүн колдонмону камтыган документтердин топтому.
Бул Убактылуу жободо пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган мааниде колдонулат.
2-глава. Пилоттук долбоордун негизги максаттары
4. Пилоттук долбоордун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчүлөрдүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берүүнү автоматташтыруу;
2) ФПКнын техникалык даярдыгын баалоо жана ишке жөндөмдүүлүгүн, маалыматтарды берүүнүн туруктуулугун жана ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүүсүн тестирлөө;
3) салык отчетторун берүүнү жөнөкөйлөтүү жана салыктык текшерүүлөрдүн санын азайтуу;
4) кийинки ишке киргизүү үчүн милдеттүү стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү;
5) ФПКны эксплуатациялоонун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды узак мөөнөткө сактоону, маалыматтарды берүү технологияларын аныктоо жана ФПКны колдонууда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
6) ФПКга жана/же алардын операторлоруна коюлган талаптарга шайкеш келүү боюнча ФПКнын техникалык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, ошондой эле көрсөтүлгөн талаптардын натыйжалуулугун жана ишке ашырылышын баалоо;
7) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдууларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүү.
3-глава. Пилоттук долбоорду өткөрүү талаптары
жана ишке ашыруу тартиби
5. Пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде ФПК оператору тарабынан берилген ФПК колдонулат.
6. Ыйгарым укуктуу салык органы пилоттук долбоорду өткөрүүнү уюштурат, методологиялык жана техникалык коштоону жана пилоттук долбоордун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн расмий сайтына пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
8. Ыйгарым укуктуу салык органы пилоттук долбоорду техникалык колдоону камсыз кылуу үчүн пилоттук долбоорго катышуучуларды тартат жана тизмесин түзөт.
9. Пилоттук долбоорго катышууга милдеттүү жана/же каалоосун билдирген ФПК оператору ыйгарым укуктуу салык органына пилоттук долбоорго катышуу ниети, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун талаптарын сактоо жөнүндө расмий кат жөнөтөт.
10. Пилоттук долбоорго катышууга милдеттүү жана/же каалоосун билдирген салык төлөөчү пилоттук долбоорго катышуу ниети жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органына расмий кат жөнөтөт.
11. Ыйгарым укуктуу салык органы ишкердик субъекттерин ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирүүнү тапшыруу жолу менен пилоттук долбоорго катышууга чакырат.
12. Салык төлөөчү пилоттук долбоорго өзүнүн катышуусун ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу салык органына ырастайт.
13. Пилоттук долбоорго катышкан салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишкердик ишти жүргүзүүдө пилоттук долбоорго катышууга уруксат берилген ФПК операторунун ФПКсын пайдаланууга;
2) пилоттук долбоордо колдонулган жабдуулардын/ программалык камсыздоонун иштөө жөндөмдүүлүгүн жана сакталышын камсыз кылууга;
3) байланыш операторлоруна маалыматтарды алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында жана толук көлөмдө акы төлөөгө.
14. Пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде пилоттук долбоорго катышууга уруксат берилген ФПК операторунун ФПКны колдонуу менен эсепке алынган түшкөн акча жөнүндө маалыматтар салыктык эсепке алуу максаттары үчүн салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү түшкөн акчасы деп таанылат.
15. Пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде пилоттук долбоорго катышууга уруксат берилген ФПК операторунун ФПКны колдонгон салык төлөөчү, салык мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзөт.