Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №6
«Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин иш тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 14-мартындагы “Жаштар иштери боюнча кеңештерди түзүү жана алардын ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндө” №146 буйругуна ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4664 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин иш тартиби жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарына (Г.Таштанбекова) жана Жаштар иштери боюнча кеӊешинин төрагасы (Б.Арстанбеков) бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |