Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры №597
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 18, 20 жана 22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жободо:
– 5-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан макулдашылган башкы курулуш планы (жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууда) же жер участогунун чек аралары, долбоорлонуучу объекттердин жайгашуусу, келүүчү жолдор, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору (жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуудан тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которууда);
Техникалык-экономикалык негиздеме төмөнкү принциптерди эске алуу менен иштелип чыгат: көйгөйдү негиздөө жана долбоордун максаттарын түзүү, техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык аспекттерди эске алуу, жеткиликтүү ресурстарды жана каржылоо булактарын талдоо, альтернативдүү чечимдерди баалоо, долбоордун күтүлүүчү натыйжаларын жана натыйжалуулугун болжолдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун туруктуулугун эсепке алуу.”;
алтынчы абзац “башкаруунун аткаруу органы,” деген сөздөрдөн кийин “көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилүүчү жерлерди которууну кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Тиешелүү филиал курамына төмөнкүлөр кирген жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:
1) арыз, арыз ээсинин – жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
2) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн – “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси бар шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан курулуштун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же жер участогунун эскиздик долбоору;