Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 23-августу № 248-б
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология
жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ведомстволук формалык кийим жана кызматкердин айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-01/134 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы № 263 токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (мындан ары- Кызмат) кызматкерлеринин ведомстволук формалык кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кызматтын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Документтер менен камсыз кылуу башкармалыгы бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
3. Кызматтын жетекчилери бул буйрукту жетекчилик жана иш алып баруу үчүн кабыл алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 29-июлундагы 2022-жылдын № 1-д “Ведомстволук форма кийимдери, кызматкерлердин айырмалоочу белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Министрлигинин басма сөз кызматы менен биргеликте санариптештирүү бөлүмү:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык 2010-жылдын 26-февраль № 117 милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булагын, көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо учүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басары М.Р. Маметовго жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| А.А. Сапаралиев |
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 23 август № 248-П буйругуна |