Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы №01-5/38
«Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, маркумду жайга коюу боюнча көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз көзөмөлүндө тургандыктан, маркумду жайга коюу салттарын жана эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү, кабырлардын айланасына эстеликтерди, тосмолорду орнотуу салттары боюнча шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнүн иштеп чыккан «Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу № 296 Жарлыгын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн иштеп чыккан «Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаар аймагында, Коомдук алдын алуу Борбору, Эл башы, шаар имамы, квартал жетекчилери, көчө комитеттери жана шаардык мэрия ушул токтом жарыяланган күндөн баштап аткарууга алышсын жана дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында дайыма жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун атарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |