Загрузка документа…
| БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы _______ Н.А.Абдуразаков. 2025-жылдын 02-июнундагы № 01-5/38-токому менен 1-тикеме
|
Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жобонун негиздери жана максаттары.
2. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
3. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
5. Салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убарагерчиликтерди жоюу.
6. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби.
7. Мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдорү жана аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салуу.
8. Эч кандай тууганы жок каза болгон адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жайга коюу
9. Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
10. Санитардык талаптар
11.Көрүстөн карап –күтүү жана көрктөндүрүү
12. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар
13. Жергиликтүү комиссия.
14. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1. Жобонун негиздери жана максаттары
1.1 Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна негизделип, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алуу менен, жергиликтүү жамааттын жыйындарында кабыл алынган сунуштарды камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Кочкор-Ата шаарында жана шаардын аймагында жайланышкан калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, маркумдун жакын туугандарын мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөөгө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
2.1. Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду
табыт – каза болгондордун сөөктөрүн жайга коюу (ташуу) үчүн атайын үкөк;
каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жак – Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак;
сөөк коюлуучу жай – этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу;
сөөк – каза болгон адамдын денеси;
сөөктү жайга коюу (маркумду узатуу) – сөөктү көмүү боюнча ырым-жырымдар;
көмүү – каза болгон адамдын денесин жерге берүү;
кайра көмүү – сөөк коюлган жайды которуу, бүтүндөй сөөктү көрдөн чыгарып, аны башка сөөк коюлуучу жайга кайра көмүү;
мүрзөнүн жанына көмүү – каза болгон адамдын денесин, мурда көмүлгөн мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү;
маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат- маркумдардын сөөгүн жайга коюуну жана маркумдун сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматы;
адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат – сөөктү коюу үчүн жайды бөлүп берүүгө же жол-жоболоштурууга негиз болуучу, каза болгон адамдын мээсинин токтоп калышына же аны биологиялык өлүмүнө (адамдын кайтпас өлүмүнө) байланыштуу саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ;
өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүк – патологоанатомиялык союудан же соттун-медициналык изилдөөдөн кийин, ошондой эле медициналык документтердин негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ.
3. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3.1. «Кочкор-Ата шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону (мындан ары - Жобо) иштеп чыгуу үчүн шаардын мэринин буйругу менен Эл башы, квартал жетекчилеринен, шаардык Кеңештин депутаттарынан(макулдашуу менен), ардагерлер, аялдар, жаштар уюмдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын, аксакалдар сотторунун, укук коргоо органынын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
3.2. Ушул Жобонун негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат, көрүнүктүү жерлерде тактайларга илинет, мэриянын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып Жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан Жобо Кочкор-Ата шаардык кеңешинин сессиясында бекитилет.
3.3. Жобону бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин токтому күчүнө кирген соң, белгиленген тартипте шаардык кеңештин жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын сайттарына жарыяланат.
3.4. Жобонун түп нускасы кызыккан жарандарга шаардык Кеңеш жана шаардын мэриясы тарабынан тоскоолдуксуз тааныштырылат.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга «Бешик той”, «Тушоо кесүү той», «Балдарды сүннөткө отургузуу», «Нике (үйлөнүү) той», «Кыз узатуу», «Куда тосуу», мааракелерди өткөрүү сыяктуу ж.б. салтанаттар кирет.
4.2. Үйлөнүү той эки тараптын (кудалар) эсебинен, алардын макулдашуусунун негизинде 300-450 адамга чейинки «банкеттик кече» формасында өткөрүлөт. Ар кандай формада кайталап, ысырап кылбай той өткөрүү маселеси эки куда тараптын биргеликтеги макулдашуусу менен чечилүүгө тийиш.
Үйлөнүү тойдо бир союш союга уруксат берилет.
4.3. Кудалашуудан баштап, үйлөнүү тоюна байланышкан бардык иш-чараларда (салттарда) кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана белектерди жана сый кийимдерди берүү менен чектелет.
4.4. Тойдон кийинки салттык эрежелер: «Отко кирүү», «Кыз көрдү», «Төркүлөтүү» сыяктуу иш чаралар, өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15тен ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
4.5. Кыз узатууда күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрамдарда күйөө балага баалуу белектерди берүү, куйөө баланын үйүн тиричилик буюмдары менен толтуруу сыяктуу салттар ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым катары эсептелинет.
4.6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында (ЗАГС) никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанаттарында үчтөн ашыкча транспортту пайдаланууга жол берилбейт.
4.7. Зыяратка жөнөтүүдө жана ажыны тосуп алууда 1ден ашыкча транспортту пайдаланууга болбойт. Жарандын ажыдан келгендиги үчүн бодо мал союуга уруксат берилбейт.
4.8. Той жана ырым-жырым салтанаттарын өткөрүү саат 23:00төн ашпоого тийиш.
4.9. Үй-бүлөлүк салтанаттар мындан ары Жободо белгиленген тартип жана эрежелерди бекем сактоо менен өткөрүлөт.
5. Салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убарагерчиликтерди жоюу
5.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ишке киришкенде, класстык чен, мамлекеттик сыйлык, илимий же кесиптик даража алганда, кесиптик күн жана туулган күн өткөрүү ниетинде мамлекеттик мекеме-уюмдарда банкеттерди, отуруштарды уюштурууга жана спирттик ичимдиктерин ичүүгө жол берилбейт.
5.2. Окуу жайларда, мектептерде улуттук салтта болбогон убарагерчиликтерге, мыйзамдарда каралбаган, үй-бүлөлүк бюджетке терс таасирин тийгизе турган ысырапкерчиликтерге жол берилбейт. Туулган күн, бүтүрүү кечелерди, акча топтоп мугалимдерге, окутуучуларга белек берүүлөр сыяктуу менталитетке туура келбеген, жосунсуз жоругу бар мааракелерди өткөрүүгө уруксат берилбейт.
5.3 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери 50, 60, 70, 80 ж.б. жашка чыккандыгына байланыштуу юбилейлерди өткөрүүдө, өздөрүнө баш ийген мекеме-уюмдардын жетекчи кызматкерлерин чакырууга жол берилбейт. Юбилейлер тууган-уругун, жакын санаалаштардын чакыруу менен гана өткөрүлөт.
5.4 Туулган күндү белгилөө жеке адамдардын каалоосу боюнча өз үй-бүлөсүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
6. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби
6.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөрүүдө улуттук каада-салтты колдонуу менен ишке ашырылат.
6.2. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, аза күтүүгө келгендердин, жаназа окууга катышкандардын саны чектелбейт.
6.3. Сөөк коюуда маркум коюлуучу жай үчүн шаардык, аймактык мүрзөлөрдө жер аянттарды күн мурдатан аныктоо, жарандарды салыксыз, акысыз кабырлык жайлар, жер аянттары менен тоскоолдуксуз камсыздоо жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилет.
6.4. Сөөк коюу жана аза күтүү иш чараларында спирттик ичимдиктерин куюга, мас абалда келүүгө, улуттук менталитетке туура келбеген жосунсуз жоруктарга жол берилбейт.
6.5. Аза күткөн, кайгыга кабылган, жашоо шарты оор, жетим-жесир абалдагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук иштерин уюштурууга, каражат, азык-оокат жагынан жардамдарды берүүгө уруксат берилет.
6.6. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары - бата кылуу формасында өткөрүлөт. Себет алып келүүгө жана «чай ичирүүгө», кой алып барып өздөрү союп жегенге жол берилбейт.
6.7. Жаназа түшүргөндө имамдар тарабынан акча алуу динге каршы келген жорук катары бааланып, калк арасында терс мүнөздөгү көрүнүш катары эсептелет.
6.8. Сөөк коюу жана аза күтүүгө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча же буюмдарды берүүгө сыяктуу ырым-жырымдарга жол берилбейт.
6.9. Маркудун сөөгүн жайга коюу маркумдун керээзине аны узатууну жүзөгө ашыруучу жак (мураскордун, балдарынын, жакын туугандарынын, досторунун ж.б) менен макулдашууга ылайык үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен ишке ашат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында табытты маркумга жакын адамдар жана дин аалымдары мүрзөгө чейин коштоп барышат. Эгерде маркум мамлекеттик мекемеде эмгектенсе аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркум акыркы үч жыл ичинде иштеген мекемеде, атайын белгиленген жерде же мураскор белгилеген жерде өткөрүлүшү мүмкүн. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда диний жөрөлгөлөр, салттык үрп-адаттар сакталат.
7. Мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдорү жана аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салуу.
7.1. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат. Мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт. Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары мазарлардагы тартипти дайыма көзөмөлгө алат. Мазардагы эстелик жана белгилерди бүлүндүрүүгө жана мазактоого жол берилбейт. Эгерде кимдир бирөөлөр ушундай тартипсиздикке барса мыйзам алдында жооп берет. Мазарларды бузууга эч ким жол бербейт, эгерде мазар аянты толуп калса, ичиндеги нерселер толугу менен сакталат.
8. Эч кандай тууганы жок каза болгон адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жайга коюу
8.1. Жубайы жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин озүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарбынан аныкталгандан кийин анын сөөгун жайга коюу, ошондой эле кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен же эгерде бар болсо адистештирилген кызмат тарабынан жузөгө ашырылат.
9. Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
9.1. Өзгөчо кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондордун сөөгун жайга коюу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
10. Санитардык талаптар
10.1. Өзгөчө катуу инфекция же эпидемия менен өлгөн адамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптар менен көмүлөт жана зыйнат өткөрүү учурунда коомдук тартип, санитардык- эпидемиологиялык талаптар камсыз кылынат. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укукту жергиликтүү органдар тарабынан жузөгө ашырылат. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык монитаринг жүргүзүү тутуму түзүлөт.
11. Көрүстөн карап –күтүү жана көрктөндүрүү
11.1.1. Көрүстөндү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдетти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек.
11.2. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.
11.3. Мазарга кирүүчү 2 же 3 эшиктер ачылуусу, мазарда чакан чарбалык навестер менен камсыздалуусу, шаймандар жана отургучтар сакталуучу, жооптуу адамдарды дайындоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзөт.
11.4. Көрүстөндөрдү карап күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасыгнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
12. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар
12.1. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар, каза болгондордун сөөгүн алардын керээзин эске алуу менен же болбосо маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын чечими боюнча жайга коюу үчүн, ошондой эле туугандары алып кетпеген туугансыз жансыз денелерди калдыктарды көмүү үчүн багытталган.
12.2. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайларда сөөктү көмүү дин тутуу, жалпы таанылган моралдык, этикалык принциптерге карама-каршы келбеген башка үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
13. Жергиликтүү комиссия
13.1.Жергиликтүү комиссия курамына Эл башы, квартал башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлер, аялдар, жаштар уюмдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын, аксакалдар сотторунун, ички иштер органдарынын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия мэриянын буйругу менен (макулдашуу боюнча) бекитилет.
13.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, маркумдун жакын туугандарын Жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же тиешелүү акт түзөт). Ал тууралуу маселени комиссияда карайт, талапты бузган адамдарга карата коомдук уяткаруу чарасын көрөт жана мындан ары кайталабоо боюнча эскертүү берет.
14. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
«Кочкор-Ата шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү жөнүндө» Жобонун талаптарын бузгандарга карата комиссиянын чечимдеринин негизинде коомдук уяткаруу, эскертүү сыяктуу чаралар көрүлөт жана материалдар аксакалдар сотторуна кароо үчүн өткөрүлүп берилет.
Уюштуруу иштери боюнча башкы адис |
М.Эрмамат кызы |