Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 664
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жеке колдонуу үчүн жеке жактар, коммерциялык эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан адистештирилген товарларды ташып кирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуладагы “289” деген цифралар “268, 289” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:
“11. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин аныктоочу, ошондой эле КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартибин бекитүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022–2024-жылдары берилген жазуу жүзүндөгү ырастамалар майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодуна жана товардын аталышына шайкеш келген шартта жарактуу деп таанылат;
3) товарларды багыты боюнча пайдаланбоо салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктын суммасын кошумча эсептөө менен берилген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгарууга алып келет;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген товарларды максаттуу пайдаланууну алар таризделген күндөн тартып эки жыл бою контролдойт.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү ырастама болгондо гана КНС төлөөдөн бошотууну колдонсун;
2) товар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ырастамасы жок, анын багытын так белгилөөгө мүмкүн болбогон бөлүктөр, элементтер же комплектөөчүлөр түрүндө берилген учурда КНС төлөөдөн бошотууну колдонбосун.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.