Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 131
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268, 289 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы № 11, 2023 жылдын 2-майындагы №234, 2023-жылдын 12-июлундагы № 361, 2024-жылдын 17-январындагы № 10, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 330, 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 663 , 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808
, 2025-жылдын 12-августундагы № 488, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 664 , 2025-жылдын 22-октябрындагы № 689 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268, 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы N 664 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон товарлардын тиркелген тизмелери бекитилсин:
1) Айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) Тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу үчүн комплекттөөчү тетиктердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) Балдар тамак-аш продуктуларынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык;
4) Окуу куралдарынын жана мектептик окуу буюмдарынын, илимий басылмалардын тизмеси 4-тиркемеге ылайык;
5) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси 5-тиркемеге ылайык;
6) Жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын тизмеси 6-тиркемеге ылайык;
7) Минералдык жер семирткичтердин тизмеси 7-тиркемеге ылайык;
8) Өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаттарынын тизмеси 8-тиркемеге ылайык;
9) Асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын түрлөрүнүн тизмеси 9-тиркемеге ылайык;
10) Үрөндүк материалдардын тизмеси 10-тиркемеге ылайык;
11) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12) Куралдардын, аскер техникасынын, аскердик мүлктүн, атайын техникалардын жана атайын каражаттардын тизмеси 12-тиркемеге ылайык.