Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-октябры № 708
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– киришүүнүн тогузунчу абзацындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алып салынсын;
– 3-главада:
2-бөлүмдө:
2.2-параграфтын 1-милдети төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети болууга тийиш.
Мындан тышкары инвесторлорго өзүнүн өндүрүшүн ишке киргизүүдө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүү керек, анын натыйжасында инвесторлордун чыгымдары азаят, алардын товарлары, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болот.
Потенциалдуу инвесторлордун продукциясынын өздүк наркын төмөндөтүү үчүн өсүүнүн таяныч борборлорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өсүүнүн ар бир таяныч борборунда туташтырылган суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, энергия менен жабдуу системалары түрүндө өнүккөн өнөр жай инфраструктурасы жана жол инфраструктурасы бар өнөр жай аянтчаларын түзүү боюнча, преференцияларды алууга талапкер болгон потенциалдуу инвесторлорду тандоонун ачык эрежелерин бекитүү боюнча иш-аракеттерин аныктоо зарыл.
Мамлекет тарабынан алар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн тартылуучу инвесторлор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
– продукцияны экспорттоо үчүн туруктуу, ырасталган сатуу рынокторуна ээ болуу;
– өз ишинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылган инновациялык технологияларды колдонуу;