Загрузка документа…
| КРнын МКне караштуу ЖАМКтын «22» октябрь 2025-ж. №769 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
II. Социалдык чөйрөдө | ||
1. . Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жолугушуу үчүн бөлмө бөлүп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 21-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары-ЖАМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Соттолгон жана камакка алынган адамдардын туугандары, ошондой эле: - туугандары (эже, байке, карындаш (сиңди), ини, кайната, кайнене жана башкалар); - башка жыныстагы адамдар (колукту, жигит, чогуу жашаган же чогуу балалуу болгондор, классташтары, курсташтары, акыркы иштеген жериндеги кесиптештери); - 18 жашка чыга элек адамдар улуу адамдардын коштоосунда келишет |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси; "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"; - 2024-жылдын 3-сентябрындыгы № 541 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык узакка жолугушуу үчүн бөлмө бөлүнүп берилди: - кыска мөөнөттүү - 4 саатка чейин; - узак мөөнөттүү - үч суткага чейин |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү иш күндөрү берилет: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш бөлмөлөрдө; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу; - жер-жерлерде кезек күтүү принциби боюнча. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу боюнча керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү тиричилик жактан камсыздоо ченемдеринин тизмеги жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кабыл алуу мөөнөтү - 10 мүнөткө чейин, электрондук усулдар мамлекеттик порталы аркылуу автоматтык түрдө (portal.tunduk.kg) Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: узактыгы 4 саатка чейинки кыска мөөнөттүү жолугушуулар, узактыгы үч суткага чейин узак мөөнөттүү жолугушуулар. Кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз боюнча чечим алуу мөөнөтү - арыз кабыл алынган учурдан тартып 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар төмөнкүлөрдөн ала алышат: - ЖАМКта же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg) жана ЖАМКнын расмий сайтынан (www.gsin.gov.kg.). |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат |
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал - көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg), маалымат такаталарынан жана расмий сайттан (www.gsin.gov.kg.) |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында жана толук көлөмдө; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат берилет: - электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу-(portal.tunduk.kg)". Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси электрондук порталда каттоодон өтүшү керек - (portal.tunduk.kg). Онлайндык интерактивдүүлүк стадиясы-3 (колдо болгон веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтурууга жана аны кагазга басып чыгарбастан мамлекттик органдын кароосуна кабыл алууга функционалдык мүмкүнчүлүккө ээ). |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - 3 жана 12-пункттарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда; - улуу адам коштоп жүрбөгөн, 18 жашка толо элек адамдарга; - алкоголдук мас болгон учурда; - өзгөчө кырдаалдар учурунда; - камактагы адам жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда тартиптик жосун жазаганда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси ЖАМКнын мекемесинин начальнигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мөөнөттөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу зарыл |