Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ XV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 3-ноябры №77/15-6
Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги
автотранспорт каражаттарды жана жабдууларды эсептен чыгарууга
Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 27-октябрындагы кириш №01-07/191 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 27-октябрындагы отурумунун №17 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги автотранспорт каражаттарды жана жабдууларды тиркемеге ылайык эсептен чыгарууга, аукцион аркылуу сатуу жолу менен, Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Тынайбеков |
| Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы №77/15-6 токтомуна тиркеме |
№ | АКынын, жабдуунун аталышы | АКынын, жабдуунун каттоо номери | АКынын, жабдуунун чыгарылган жылы | Чарба жүргүзүүдө | АКынын, жабдуунун абалы |
1. | ВАЗ 21053 | 0122 ST | 1994-ж. | “
Токмок Водоканал” муниципалдык ишкана | Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. |
2. | ГАЗ САЗ 3511 | 2392 ST | 1993-ж. | Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
3. | ГАЗ 53 АНМ | 330 ST | 1971-ж. | Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
4. | КамАЗ 353212 | 0917 ST | 1988-ж. | Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
5. | Mitsubishi Carisma | 30 92 ST | 2003-ж. | Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
6. | Ширетүүчү агрегат (САГ) | №524103 | 1979-ж. | Жабдуунун абалы мындайча бааланат: “Бул жабдууну сатууга рационалдуу перспективалар жок, аны сатуу мүмкүнчүлүгү болгону анын негизги материалдарынан алынуучу наркка (скраптык баага) гана каралган”. Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
7. | Жылмалуучу генератор | 19-68 ST | 1989-ж. | Жабдуунун абалы мындайча бааланат: “Бул жабдууну сатууга рационалдуу перспективалар жок, аны сатуу мүмкүнчүлүгү болгону анын негизги материалдарынан алынуучу наркка (скраптык баага) гана каралган”. “Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж. | |
Кыскартуу: АК – автотранспорт каражаты. | |||||
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин у.м.а. |
Э.С.Иманалиев |