Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 46
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу" 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу" 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу" 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" 2021-жылдын 29-августундагы № 665 токтомунун 1-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.С.Жупуевга жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 46 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды пландаштыруунун жана пайдалануунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Жобо Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө (мындан ары текст боюнча - шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү), алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу боюнча шайлоо системасын өнүктүрүү менен байланышкан мамлекеттик программанын иш чараларын финансылык жактан камсыз кылууга шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин белгилейт.
3. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Шайлоо комиссиялары шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгашалардын сметасына ылайык чыгымдайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалар сметасы төмөндөгү эки компонентти өзүнө камтыйт:
- 18110 ведомстволук классификациянын коду боюнча аппараттын чыгашалары;
- 18120 ведомстволук классификациянын коду боюнча шайлоолорго жана референдум өткөрүүгө чыгашалар.
Чыгашалардын сметасы жаңы маалыматтык технологияларды автоматташтыруу каражаттарын жана башкаларды колдонуу менен шайлоо системасын өнүктүрүүгө байланышкан, материалдык-техникалык жабдууларга, маалыматтык-коммуникациялык жана уюштуруу иштерин/кызмат көрсөтүүнү, чыгымдарды кошуп алганда, шайлоо процессинин бардык деңгээлинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон чыгашалардын бардык топторунун керектөөсүн пландаштыруу жана эсепке алуу үчүн иштелип чыккан каржылоонун стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.
6. Шайлоо комиссияларына шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобу түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүүгө жана төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- телефондоштурулган жайларды, анан ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), жогору турган шайлоо комиссияларына же болбосо архивге бергенге чейин шайлоо документтерин сактоо үчүн жайларды, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылуу;
- зарыл жабдууларды;
- транспорт каражаттарын;
- зарыл маалыматтарды жана материалдарды:
- шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан шайлоо комиссияларынын кайрылууларына токтоосуз түрдө жооп берүү, зарыл болгондо тийиштүү маселелерди кошумча иликтөө же текшерүү - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берген күнү же добуш берилген күндөн кийинки күнү токтоосуз түрдө жооп берүү.
8. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдетүү болуп саналат.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү бекитилген сметалары Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.
10. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин жөнгө салуунун укуктук негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
- "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 468-р тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.