Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 7-ноября № 1
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 2-пункттун аткаруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй стандарттары бекитилсин:
1) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун бар же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүү” 1-тиркемеге ылайык;
2) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун бар же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды тез арада акы төлөө негизинде берүү” 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 260-т тескемесин аткаруу максатында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке жактардан Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун бар же жоктугу жөнүндө маалымкатты талап кылууну жоюу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу зарыл маалыматтарды алуу сунушталсын.
3. Мыйзамда аскердик кызмат каралган сот, көзөмөл, укук коргоо органдарына жана мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун бар же жоктугу жөнүндө маалымкатты талап кылууну жоюу боюнча чараларды көрүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды жана сурамдарды жөнөтүү аркылуу атайын текшерүү жүргүзүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү аркылуу жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматтарды эффективдүү көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
5) Көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 12-мартындагы №1 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.