Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-ноябры № 989-т
Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча келишимдик органдары тарабынан берилген сунуштамаларды аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025–2027-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Планды ишке ашырууга тартылган башка мекемелер (макулдашуу боюнча):
1) Планды белгиленген мөөнөттө милдеттүү аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир жарым жылда отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (мындан ары – АУКК) катчылыгына Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги атынан чыгуучу АУКК катчылыгы АУКК төрагасына АУККтун жыйынтыктоочу жыйналыштарында Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты берсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке
2) Пландын иш-чараларын каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле донорлордон тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жана каржылоонун тыюу салынбаган башка булактарынан жүргүзүлөт деп.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |