Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомуна ылайык) |
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу
жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу
протокол
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө көмөктөшүп,
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 10-беренесин көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Макулдашууга 5-берененин 4-пунктунун биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо менен өзгөртүү киргизилсин:
“Убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоо индикативдик баланстарга ылайык мунайзаттарды Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгууда колдонулат.”.
2-берене
Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча азыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет.
2024-жылдын “20” декабрында ____ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
___________________ | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
___________________ |