Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-ноябры № 740
2024-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында
кол коюлган 2016-жылдын 6-июнундагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана
мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө
макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу
протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |