Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-ноября № 741
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат кагаз түрүндө же лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу түзүлгөн электрондук түрдө берилет.”;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Лицензиар тарабынан лицензиялоо функцияларын ишке ашыруунун жыйынтыгы лицензиардын актысы менен кагаз түрүндө жана (же) электрондук түрдө таризделет. Кабыл алынган чечим жөнүндө акт лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасындагы арыз ээсинин жеке кабинетинде чечим кабыл алынган күнү жайгаштырылат жана лицензиялык иште кагаз жана (же) электрондук түрдө сакталууга тийиш.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда берүүгө укуктуу.”;
– 9-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-глава. Лицензия, лицензиянын тиркемесин берүү жана (же) уруксат берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана лицензиялык ишти түзүү”;
– 40-пункт “лицензия” деген сөздөн кийин “, лицензиянын тиркемелерин” деген сөздөр менен толукталсын;