Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-декабры № 678
Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы N 741 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын лицензиялык ишин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12, 25, 28-беренелерин аткаруу үчүн, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) лицензиялык текшерүү барагынын формасы 3-тиркемеге ылайык;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17 ноябрындагы № 741 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы N 741 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
– 11-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет;
-- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарылуучу заттарды жана буюмдарды (пиротехникалыктан тышкары) сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет;
-- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баллондорду кысылган жана суюлтулган газдар менен толтурууну жүзөгө ашыруучу толтуруучу станцияларда жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү заттарды алуу, пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет;
-- өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо жана сатып алуу укугуна уруксат берет;
-- кен казып алуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алуу жана сатуу укугуна уруксат берет;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 5-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.