Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 749 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн
кадрларды даярдоо жаатындагы
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин билдирип, тышкы чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди жөнгө салууга жана тереңдетүүгө умтулуп, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларын ишенимдүү кайтаруу үчүн чек ара аскерлеринин аскер кадрларынын кесипкөй даярдыгы чечүүчү мааниге ээ экендигин түшүнүү менен,
1995-жылдын 3-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлери үчүн аскер кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 1-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене
Казакстан Тарап Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Достык, 103 дарегинде жайгашкан Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясына (мындан ары - УКК Чек ара академиясы) Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бекиткен штаттык сандын лимитинин чегинде макулдашкан санда жана УКК Чек ара академиясын күтүүгө бөлүнгөн каражаттын чегинде Тараптар жыл сайын макулдашкан адистиктер жана мөөнөттөр боюнча окууга кабыл алат. Макулдашуунун натыйжалары контракттар менен таризделет.
2- берене
Тараптардын ушул Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы;
казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети.
Жогоруда аталган ыйгарым укуктуу органдардын аталышы же функциялары өзгөргөн учурда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу өз убагында кабарланат.
3- берене
Аскер кызматчыларын окууга кабыл алуу кыргыз Тараптын жыл сайын жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөрүнө, казак Тараптын сунуштамаларына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Өтүнмөлөр окуу башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен жиберилет. Өтүнмөлөрдө окутуу адистиги жана талапкерлердин саны ар бир адистик боюнча өзүнчө, окууга талапкерлердин жалпы билиминин деңгээли көрсөтүлөт.
Кыргыз Тарап жыл сайын казакстан Тарап белгилеген квотага ылайык УКК Чек ара академиясында окууга талапкерлерди тандоону жүргүзөт.
Жогорку билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын аскердик, атайын окуу жайларына (мындан ары - УКО ААОЖ) Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары кабыл алынат:
1) жалпы орто, башталгыч кесиптик же кесиптик орто билими бар, аскердик кызмат өтөбөгөн, окууга тапшырган жылы он жети жашка толгон, бирок жыйырма бир жаштан ашпаган;
2) аскердик кызматты же атайын мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн же мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары, алар окууга тапшырган жылы жыйырма төрт жашка толгонго чейин;
3) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары же атайын мамлекеттик органдарда кызмат өтөп жаткан кызматкерлер, окууга тапшырган жылы жыйырма беш жашка толгонго чейин.
Жогорку билим жана кыскартылган окуу мөөнөтү менен жогорку билим берүү программалары боюнча окууга талапкердин жаш курагы ал УКО ААОЖго кабыл алынган күнгө карата аныкталат.
4- берене
Кыргыз Тарап белгилеген тартипте кесиптик тандоону, медициналык күбөлөндүрүүнү, кыргыз Тараптын белгиленген программасы боюнча конкурстук негизде кабыл алуу экзамендерин өткөрүүнү жүзөгө ашырат жана аскер кызматчыларын УКК Чек ара академиясына окууга алдын ала белгиленген мөөнөттөрдө жиберет.
Окутуу УКО ААОЖ тарабынан кабыл алынган колдонуудагы жумушчу окуу пландары менен жумушчу окуу программаларына ылайык орус тилинде жүргүзүлөт.
Талапкер орус тилин базалык деңгээлде билүүсү зарыл. Орус тилин жазуу жүзүндө жана оозеки сүйлөө көндүмдөрүн текшерүү казакстан Тараптын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт.
5-берене
Кыргыз Тарап окуу башталганга чейин бир ай мурда төмөнкүлөрдү казакстан Тараптын дарегине жиберет:
- аскердик наамы, аты-жөнү, туулган жылы, жалпы билими, болжолдуу тандалган адистиги көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын тизмелеринин эки нускасын;
- окутууга талапкерлердин окуу көктөмөлөрү, төмөнкүлөрдү камтыйт:
кесиптик тандоонун натыйжаларын, мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды алууга (берүүгө) укугу бар экендиги жөнүндө корутундуну жана толук орто билими жөнүндө документтердин нотариалдык күбөлендүрүлгөн көчүрмөлөрүн.
УКК Чек ара академиясынан чыгарылган же аяктаган кыргыз Тараптын аскер кызматчыларынын окуу көктөмөлөрү кыргыз Тарапка жиберилет.
Кыргыз Тараптын аскер кызматчылары белгиленген тартипте окуу жылынын башталышына карата келишет, өздөрү менен кошо төмөнкүлөр болууга тийиш:
- Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берген инсандыгын ырастоочу жарактуу документи;
- билими тууралуу, окуган предметтери жана алар боюнча алган баалары жөнүндө документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү;
- жогорку окуу жайларына кабыл алуу экзамендерин тапшыруу ведомостунан көчүрмөнү;
- мөөнөтү 3 (үч) айдан ашпаган түз проекцияда көкүрөк клеткасынын органдарына флюорографиялык изилдөөнүн жана медициналык күбөлөндүрүүнүн корутундусун, ошондой эле мөөнөтү 1 (бир) айдан ашпаган ВИЧ-инфекцияга жана гепатитке (В, С) текшерүү жөнүндө медициналык корутундуну;
- аскердик формадагы кийим менен түшкөн 4,5 х 3,5 см өлчөмүндөгү беш сүрөтүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына жеткиликтүүлүк тийиштүү формасын.
Окууга талапкерлердин документтери орус тилинде таризделип, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
Кыргыз Тарап талапкерлердин окууга белгиленген мөөнөттө баруусун камсыз кылат.
Кыргыз Тараптын аскер кызматчылары окуунун башталышына баруусу мүмкүн болбогон учурда кыргыз Тарап окуу башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө казакстан Тарапка кабарлоого милдеттүү.
Кыргыз Тарап окууга жөнөткөн учурда кыргыз Тараптын аскер кызматчыларынын ичинен улуттук топтун улугун дайындайт, ал УКК Чек ара академиясындагы анын өкүлү болуп саналат.
6- берене
Кыргыз Тараптын УКК Чек ара академиясында билим алуучу аскер кызматчыларына жумушчу окуу пландарына ылайык жыл сайын төмөнкүдөй каникулдук өргүүлөр берилет:
1) жайкы өргүү - отуз сутка;
2) кышкы өргүү - он төрт сутка.
Каникулдук өргүү өтүүчү жерге баруу жана кайтуу үчүн зарыл болгон жол жүрүү убакыты берилбейт.
7- берене
Казакстан Тарап кыргыз Тараптын аскер кызматчыларын УКК Чек ара академиясында окутуунун жүрүшүндө төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- Казакстан Республикасынын ички иштер органдарында убактылуу каттоону;
- стипендияны;
- буюм мүлкүн;
- турак жайларды (жатаканалар);
- үч маал тамактанууну;
- окуу куралдары, окуу-класс буюмдары, лабораториялык жабдуулар, курал-жарактар, техника, ок-дарылар, практикалык окутуунун техникалык каражаттарын;
- атайын окуу пландарына жана программаларына ылайык окуу процесси үчүн зарыл болгон чыгымдалуучу материалдарды жана башка жабдууларды;
- окуу процессинде керектүү китепканалар, окуу жана спорт залдарын, жана башка жайларды пайдалануу укугун;
- госпиталга жаткыруу менен медициналык тейлөөнү, дары-дармектерди берүүнү;
- окуу максаттары үчүн транспорт менен;
- кийим-кече, ошондой эле казакстан Тараптын аскер кызматчыларынын учурдагы категориялары үчүн ченемдери боюнча техника менен иштөө үчүн атайын кийимдер менен.
Атайын кийим убактылуу пайдаланууга берилет жана окуу аяктагандан кийин алган жерине кайтарылууга тийиш.
8- берене
Кыргыз Тараптын аскер кызматчыларын стипендия, кийим-кече, тамак-аш жана турак жайлар (жатакана) менен камсыз кылууну, ошондой эле окутууга байланышкан чыгымдарды казакстан Тараптын аскер кызматчыларынын тиешелүү категориялары үчүн белгиленген ченемдер боюнча казакстан Тарап ишке ашырат.
Кыргыз Тарап кыргыз Тараптын мыйзамдарына ылайык кыргыз Тараптын аскер кызматчыларына төмөнкүлөргө төлөмдөрдү жүргүзөт:
- аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөгөн жеринен (жашаган жеринен) окуган жерине чейин барууга, алардын жүгүн ташууга;
- алардын жүгүн окуган жеринен аскердик кызмат өтөгөн жерине (жашаган жерине) чейин ташууга, каникулдук өргүүгө жана жеке жагдайлары боюнча өргүүгө барууга, кесиптик практикага жана стажировкага барууга жана кайра келүүгө, УКК Чек ара академиясынан чыгарылган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына кайтууда жана окуусун аяктагандан кийин кызмат өтөгөн жерине кеткен учурда жол жүрүүгө.
-
9- берене
Кыргыз Тараптын аскер кызматчысынын күнөөсү менен казакстан Тараптын мүлкү зыянга учураган учурда кыргыз Тараптын аскер кызматчысы Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша аны оңдоонун же алмаштыруунун наркын төлөп берет.
Кыргыз Тараптын аскер кызматчысынын күнөөсү менен казакстан Тараптын мүлкү жоголгон учурда, анан ордун казакстан Тараптын аскер кызматчыларынын тийиштүү категориялары үчүн аныкталган өлчөмдө кыргыз Тараптын аскер кызматчысы толтурат.
10-берене
УКК Чек ара академиясында окуп жаткан кыргыз Тараптын аскер кызматчыларына Казакстан Республикасынын мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандар үчүн каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат.
Кыргыз Тараптын аскер кызматчылары Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин жана аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик кызматты өтөөнү регламенттеген жалпы аскердик уставдарын, ошондой эле УКК Чек ара академиясындагы ички тартипти жана окуу процессин сактоого милдеттүү.
УКК Чек ара академиясында билим алуучу жана жогоруда аталган талаптарды бузган аскер кызматчылары, ошондой эле кыргыз Тараптын чечими боюнча кайра чакыртылгандар УКК Чек ара академиясынан чыгарылат жана Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт.
11- берене
Аскер кызматчысынын андан ары окуусуна кедерги келтирип, ооруп калган учурда, ал аскердик-дарыгердик комиссияга жиберилет. Аскердик-дарыгердик комиссия ооруп калган аскер кызматчысынын андан ары окууга жараксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ал УКК Чек ара академиясынан чыгарылат жана кыргыз Тараптын карамагына жиберилет.
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчысы Казакстан Республикасынын аймагында каза болгон (курман болгон) учурда, кыргыз Тарап өз эсебинен каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн даярдоону жана Кыргыз Республикасына жөнөтүүнү өзүнүн эсебинен камсыз кылат. Казакстан Тарап кыргыз Тараптын өтүнүчү боюнча тийиштүү жардамдарды көрсөтөт.
Казакстан Тарап бардык учурларда билим алуучу каза болгондугу жөнүндө кыргыз Тарапка дароо маалымдайт, анын каза болгон себептерин Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген казакстан Тараптын компетенттүү органдары аныктайт.
12- берене
Кыргыз Тараптын аскер кызматчыларынын кесиптик практикасы жана стажировкасы казакстан Тараптын аскердик, атайын окуу жайларынын жумушчу окуу пландарына жана жумушчу окуу программаларына ылайык кыргыз Тараптын практикасы жана стажировкасынын базасында жүргүзүлөт жана каникулдук (жайкы, кышкы) өргүүгө чыгуу менен айкалыштырылат (эреже катары).
Жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн жана тийиштүү билим берүү программасын өздөштүргөндүгүн тастыктаган билим алуучуларга Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен бакалавр даражасы ыйгарылат, диплом берилет жана Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген үлгүдөгү төш белгилер тапшырылат.
Кыргыз Тараптын УКК Чек ара академиясында билим алуучу аскер кызматчыларына алгачкы офицердик наамдарды ыйгаруу УКК Чек ара академиясынан жиберилген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
13- берене
Окууну аяктаган кыргыз Тараптын аскер кызматчыларынын жумушчу дептерлери кыргыз Тараптын суроо-талаптарынын негизинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына жиберилиши мүмкүн.
14- берене
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алынган жашыруун жана өтө жашыруун маалыматты уруксатсыз таратууга же ачыкка чыгарууга жол берген же башка кылмыштык укук бузууну жасаган кыргыз Тараптын УКК Чек ара академиясында билим алуучу аскер кызматчылары аны жасаган жери боюнча Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.
15- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө таризделет. Бул Макулдашууну ишке ашырууда келип чыккан бардык талаш-тартыштар Тараптардын өз ара консултациялары жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
16- берене
Бул Макулдашуу Тараптар күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу мөөнөтсүз түзүлөт жана Тараптардын бири башка Тараптын анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоосун дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда, анын негизинде түзүлгөн контракттар Тараптардын алар боюнча милдеттенмелери аткарылганга чейин колдонулат.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуу күчүн жоготот.
2025-жылдын "2.2." августунда Бишкек шаарында эки нускада, кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстине кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
___________________ | Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
___________________ |