Редакцияот 21.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 21-ноябры № 749

2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен

Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз

Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик

комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо

жаатындагы макулдашууну бекитүү тууралуу

 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө казак тарапка кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев