Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 767
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 “Ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 156 “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 “Ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы “Билим берүү жана илим” деген сөздөр “Агартуу” деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ар жылдык республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун уюштуруучусу болуп Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги саналат.”;
– 8-пункттун 4-пунктчасындагы, 11, 13–16, 23, 25, 28-пункттардагы түрдүү жөндөмөдөгү “Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Агартуу министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 24-пункттун бешинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасындагы ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурстун жеңүүчүлөрү 17 номинация боюнча 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө сый акыларды алышат.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ар жылдык “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Конкурс Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары – министрлик) тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын (мындан ары – КБА), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (мындан ары – ПККЖКДРИ), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (мындан ары – И. Арабаев атындагы КМУ), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жана башка кызыкдар уюмдардын, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлөт.”;
– 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34. Конкурстун финалынын 3 турундагы упайларды кошуп эсептөө жолу менен 7-пунктта көрсөтүлгөн категориялар боюнча максималдуу сандагы упай топтогон төрт жеңүүчү аныкталат.”;
– 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: