Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 251
Ош шаарынын 2015-жылга бюджетин, 2016-2017-жылдарга болжолун, 2015-жылга
социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн болжолун жана 2013-жылдын бюджетинин
аткарылышын бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык «Ош шаарынын 2015-жылга бюджетин, 2016-2017-жылдарга болжолун, 2015-жылга социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн болжолун жана 2013-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитγγ жѳнγндѳ» маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 28-январындагы №3-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн болжолу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2015-жылга Ош шаарынын жергиликтγγ бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 930 663,3 миң сом, 2016-жылга болжолу 1 018 139,0 миң сом жана 2017-жылга болжолу 1 125 160,0 мин сом суммасында №2, №3, №4 жана №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерγγлѳрдγн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2015-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетγγчγ чыгымдар №6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлѳѳ тармагындагы муниципалдык мекемелерге, атап айтканда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына, А. Сγйγмбаев атындагы шаардык стадионуна жана «Алай» футболдук клубуна, ошондой эле «Шаардык сγт ашканасы» муниципалдык ишканасына жергиликтγγ бюджеттин эсебинен берилγγчγ субсидиялар №7-тиркемеге ылайык каралсын.
6. Ош шаарынын жергиликтγγ бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга кγнγнѳ 7 сом эсебинде) жана ѳз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берγγ башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жγргγнчγлγк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жγрγγгѳ укуктуу жарандардын жол кире акысы γчγн тѳлѳнγγчγ компенсацияга субсидия 16 000,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
8. «Шаардык транспорт» келишиминин жана шаардагы суу жана канализация системаларын оңдоо γчγн Бγткγл дγйнѳлγк банк, Европалык реконструкциялоо жана ѳнγгγγ банкы аркылуу алынган кредиттерди жоюуга 33 500,0 миң сом акча каражаты каралсын.
9. Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Россия Федерациясы тарабынан бѳлγнгѳн гранттын эсебинен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы тѳлѳѳ γчγн 2 023,6 миң сом субсидия каралсын.
10. Шаардык бюджеттин чыгаша бѳлγгγ 2015-жылга тγшкѳн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерγγ, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин жана башка максаттарга бѳлγнгѳн акча каражаттарын туура жана так колдонуу γчγн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жγктѳлсγн.
11. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын регионалдык Казына бѳлγмγнѳн сырткары колдонууга тыюу салынсын. Кѳрсѳтγлгѳн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγнѳ алынсын.
12.Жергиликтγγ бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылануучу иш чаралар 2015-жылдын 1-январынан баштап каржылануусу белгиленип, №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13.Шаардагы мектептердин мугалимдеринин, медицина тармагындагы медайымдардын, санитаркалардын коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ жеңилдиктер γчγн айына бир адамга 300 сом ѳлчѳмγндѳ жергиликтγγ бюджеттин эсебинен бекитилсин.
14.2015-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтγγ бюджети боюнча жγгγртγлγγчγ кассалык накталай акча 1 300,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
15. Шаардын 2013-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 1 218 793,9 миң сом, чыгаша бѳлγгγ
1 14 4294,1 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 74 499,9 миң сомго ашыкча аткарылуусу жѳнγндѳгγ отчету бекитилсин.
16. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.):
-Ош шаарынын Парктар башкармалыгынын жана Сулайман-Тоо-Ак-Буура муниципалдык ишканасынын ишмердγγлγгγн токтотуу жана аталган ишканалардын аткарып жаткан милдеттерин Ош шаардык жашылдандыруу жана кѳрктѳндγрγγ чарба комбинатына жана «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына ѳткѳрγп берγγсγ;
-Ош шаарынын Парктар башкармалыгынын жана Сулайман-Тоо-Ак-Буура муниципалдык ишканаларынын 2015-жылдагы бюджетинин долбоорундагы γнѳмдѳлгѳн акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2015-жылдагы титулдук баракчасына сунушталып, Ош шаарындагы 12 аймактык кеңештердин аймагында балдар аянтчасын курууга жумшоо боюнча иш-аракеттерди жγргγзγγсγ;
-Ош шаарындагы ишканалардын ишмердγγлγгγн оптималдаштыруу максатында Ош жашылдандыруу жана кѳрктѳндγрγγ чарба комбинатынын 2015-жылдагы бюджетинин долбоорунда каралган 16631,0 миң сом акча каражатын «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына субсидия катары бѳлγп берγγсγ;
-Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бѳлγгγн ашыкча аткаруу максатында кыймылсыз мγлк салык тγрγнѳ 2,0 млн.сом, транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык тγрγнѳ 2,0 млн. сом жана жерлерден ижарасы γчγн акы тѳлѳмгѳ кошумча 6,0 млн. сом ашыкча аткарылуусун камсыздоо жана кошумча тγшγγчγ 10,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарындагы Абдыкадыров кѳчѳсγнѳн А.Шакиров кѳчѳсγнѳ чыгуучу жолдун курулушун баштоого жумшоосу;
-Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган акча каражаттарынын максаттуу каржылануусун камсыздоо;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2015-жылга тγзγлгѳн титулдук баракчаларында курулуш иштерине бѳлγнгѳн акча каражаттарын ѳз убагында так жана толугу менен аткаруусу милдеттендирилсин.
17.Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (И.Иманбетов), Мамлекеттик салык кызматынын тγштγк аймактар боюнча ири салык тѳлѳѳчγлѳрдγ кѳзѳмѳлдѳѳ башкармалыгы (А.Осмонов) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Семетеев) 2015-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бѳлγктѳрγ (ар бир тγрγ боюнча) толугу менен ѳз убагында сапаттуу аткарылышын камсыз кылуусу милдеттендирилсин.
18. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
19. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №1-тиркеме
№ | Кѳрсѳткγчтѳрдγн аталышы | Бирдик | 2013 | 2014 | 2015 | Анын ичинен | |||
ѳлчѳмγ | факт | кγтγлγсγ | болжол | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||
1 | Регионалдык дγң продукциясы | млн.сом | 18207,2 | 19596,9 | 22696,1 |
|
|
|
|
| Реалдуу ѳсγγ темпи | % | 101,6 | 103,2 | 104,6 |
|
|
|
|
2 | Ѳнѳр-жай продукциясынын кѳлѳмγ (иштетип алма чийки затсыз) | млн.сом | 2561,9 | 2769,4 | 3302,7 | 850,0 | 510,0 | 560,0 | 1382,7 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу физикалык кѳлѳмγнγн индекси | % | 108,1 | 109,7 | 107,0 | 108,0 | 105,1 | 106,0 | 107,0 |
3 | Ѳнѳр-жай продукциясынын кѳлѳмγ (иштетип алма чийки заты менен) | млн.сом | 3170,7 | 3284,3 | 3400,0 |
|
|
|
|
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу физикалык кѳлѳмγнγн индекси | % | 108,9 | 109,8 | 107,5 |
|
|
|
|
4 | Айыл чарбасынын дγң продукциясынын колдонуудагы баалар менен | млн.сом | 676,6 | 729,6 | 813,1 | 104,0 | 112,0 | 406,2 | 190,9 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу физикалык кѳлѳмγнγн индекси | % | 98,2 | 100,6 | 101,9 | 100,9 | 101,8 | 100,6 | 101,9 |
5 | Кѳрсѳтγлгѳн рыноктук тейлѳѳнγн кѳлѳмγ | млн.сом | 37716,8 | 39601,6 | 44763,7 | 8010,0 | 8900,0 | 10000,0 | 17853,7 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 114,8 | 105,0 | 105,5 | 104,0 | 104,6 | 105,3 | 105,5 |
6 | Дγн жана чекене соода, автомобилдерди, мотоциклдерди оңдоо | млн.сом | 28697,3 | 32970,4 | 32633,5 | 7551,8 | 7800,0 | 8500,0 | 8781,7 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 114,5 | 104,9 | 105,3 | 103,4 | 104,2 | 105,1 | 105,3 |
7 | Тейлѳѳ чѳйрѳсγγнγн дγң чыгарууларынын кѳлѳмγ | млн.сом | 22944,3 | 25673,8 | 29141,8 |
|
|
|
|
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 105,4 | 105,1 | 105,3 |
|
|
|
|
8 | Дγң чыгаруу жана чекене соода автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | млн.сом | 7027,7 | 8072,3 | 9230,6 |
|
|
|
|
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 106,9 | 105,3 | 105,5 |
|
|
|
|
9 | Негизги капиталга инвестициялоонун кѳлѳмγ | млн.сом | 1881,6 | 2104,2 | 2822,5 | 250,0 | 480,0 | 675,0 | 1417,5 |
10 | Курулуштун дγң продукциясы | млн.сом | 2439,7 | 2759,8 | 3969,3 | 300,0 | 600,0 | 800,0 | 2269,3 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 73,5 | 111,6 | 120,8 | 100,0 | 110,0 | 117,0 | 119,0 |
11 | Официалдуу катталган жумушсуздардын саны | млн.сом | 2,4 | 2,1 | 2,1 | 2,3 | 2,1 | 2,0 | 2,1 |
12 | Орточо айлык эмгек акы | сом | 1018,8 | 11230,0 | 11865 | 10833,9 | 11662,2 | 12408,0 | 12558,0 |
| Ѳткѳн жылга салыштырмалуу реалдуу ѳсγγ темпи | % | 96,0 | 105,3 | 104,0 | 100,0 | 102,3 | 103,0 | 103,2 |
13 | Жашоо минимунун курамы | бир адамга сом | 4632,3 | 5191,9 | 5400 | 5258,0 | 5629,0 | 5313,0 | 5400,0 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №2-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 770 967,5 |
1 | Киреше салыгы | 260 338,0 |
2 | Милдеттγγ патенттѳѳ негизиндеги салык | 14 800,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 125 600,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктγγ салык | 4 500,0 |
5 | Кыймылсыз мγлккѳ салык | 58 800,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 33 600,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 7 500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19 250,0 |
10 | Сатуудан тγшγγчγ салык | 245 219,5 |
11 | Жер казынасын пайдалангандыгы γчγн салык | 630,0 |
| Салык эмес кирешелери | 59 400,0 |
12 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берγγдѳн акы тѳлѳѳ | 15 000,0 |
13 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 17 200,0 |
14 | Пайдалануу кендер чыккан жерлерди же казып алынган отундарды иштеткендиги γчγн акы тѳлѳѳ |
|
15 | Жерди бѳлγштγрγγ Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 200,0 |
16 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 |
17 | Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 1 700,0 |
18 | Мамлекеттик пошлина | 18 000,0 |
19 | Административдик штрафтар | 4 500,0 |
20 | Жерлерди жана материалдык эмес активдерди сатуудан тγшкѳн кирешелер | 500,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 830 367,5 |
21 | Атайын каражаттар | 100 295,8 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 930 663,3 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №3-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, анын ичинен: | 97 804,8 |
| мэриянын резервдик фонду | 9 300,0 |
| кредиттерди жоюга | 33 500,0 |
| атайын каражаттар | 456,5 |
2 | Коргонууга | 6 838,4 |
4 | Экономикалык маселелерге | 110 516,9 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 2 200,0 |
5 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ | 305 526,9 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 4 094,0 |
6 | Маданият жана спортко | 71 058,4 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 300,0 |
7 | Билим берγγгѳ | 319 121,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 92 895,3 |
8 | Социалдык камсыздоого | 19 796,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
| Жыйынтыгы | 930 663,3 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 100 295,8 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №4-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 856 439,0 |
1 | Киреше салыгы | 297 825,0 |
2 | Милдеттγγ патенттѳѳ негизиндеги салык | 15 250,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 129 970,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктγγ салык | 4 700,0 |
5 | Кыймылсыз мγлккѳ салык | 58 800,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 33 600,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 7 500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19 250,0 |
10 | Сатуудан тγшγγчγ салык | 288 164,0 |
12 | Жер казынасын пайдалангандыгы γчγн салык | 650,0 |
| Салык эмес кирешелери | 59 400,0 |
13 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берγγдѳн акы тѳлѳѳ | 15 000,0 |
14 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 17 200,0 |
15 | Пайдалануу кендер чыккан жерлерди же казып алынган отундарды иштеткендиги γчγн акы тѳлѳѳ |
|
16 | Жерди бѳлγштγрγγ Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 200,0 |
17 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 |
18 | Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 1 700,0 |
19 | Мамлекеттик пошлина | 18 000,0 |
20 | Административдик штрафтар | 4 500,0 |
21 | Жерлерди жана материалдык эмес активдерди сатуудан тγшкѳн кирешелер | 500,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 915 839,0 |
22 | Атайын каражаттар | 102 300,0 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 018 139,0 |
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга | 105 444,2 |
| атайын каражаттар | 456,5 |
2 | Коргонууга | 8 357,0 |
3 | Экономикалык маселелерге | 102 985,7 |
| атайын каражаттар | 2 200,0 |
4 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ | 366 760,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 4 500,0 |
5 | Маданият жана спортко | 80 021,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 300,0 |
6 | Билим берγγгѳ | 333 979,9 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 94 493,5 |
7 | Социалдык камсыздоого | 20 590,5 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
| Жалпы чыгашалар: | 1 018 139,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 102 300,0 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №5-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 961 760,0 |
1 | Киреше салыгы | 341 307,0 |
2 | Милдеттγγ патенттѳѳ негизиндеги салык | 15 940,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 134 370,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктγγ салык | 5 000,0 |
5 | Кыймылсыз мγлккѳ салык | 58 800,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 33 600,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 7 500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 730,0 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19 250,0 |
10 | Сатуудан тγшγγчγ салык | 344 583,0 |
12 | Жер казынасын пайдалангандык γчγн салык | 680,0 |
| Салык эмес кирешелери | 59 400,0 |
13 | Мамлекеттик имараттарды ижарага берγγдѳн акы тѳлѳѳ | 15 000,0 |
14 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 17 200,0 |
15 | Пайдалануу кендер чыккан жерлерди же казып алынган отундарды иштеткендиги γчγн акы тѳлѳѳ |
|
16 | Жерди бѳлγштγрγγ Фондусунун жеринин ижара акысы | 1 200,0 |
17 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 300,0 |
18 | Автотраспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 1 700,0 |
19 | Мамлекеттик пошлина | 18 000,0 |
20 | Административдик штрафтар | 4 500,0 |
21 | Жерлерди жана материалдык эмес активдерди сатуудан тγшкѳн кирешелер | 500,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 1 021 160,0 |
22 | Атайын каражаттар | 104 000,0 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 125 160,0 |
№ | Чыгашалар | Суммасы |
1 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга | 114 192,9 |
| атайын каражаттар | 460,0 |
2 | Коргонууга | 8 941,1 |
3 | Экономикалык маселелерге | 127 863,7 |
| атайын каражаттар | 2 300,0 |
4 | Турак-жай жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтγγлѳргѳ | 400 933,6 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 4 800,0 |
5 | Маданият жана спортко | 87 940,7 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 400,0 |
6 | Билим берγγгѳ | 363 161,8 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 95 690,0 |
7 | Социалдык камсыздоого | 22 126,2 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 350,0 |
| Жалпы чыгашалар: | 1 125 160,0 |
| анын ичинен атайын каражаттар | 104 000,0 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №6-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | Ош шаарынын мэриясы | 18 307,3 |
2 | Ош шаардык Кеңеши | 7 151,5 |
3 | Ош шаарынын мэриясынын гаражы | 7 430,9 |
4 | Ош шаардык архив башкармасы | 3 962,2 |
5 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ агенттиги | 2 705,7 |
6 | Ош шаардык муниципалдык менчик башкармасы | 9 915,4 |
7 | Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти | 2 967,1 |
8 | Шаардык жолдор башкармасы | 4 363,9 |
9 | Жапалак айылдык аймактык башкармасы | 4 382,3 |
10 | Ош шаарынын коомчулук менен байланыш кызматы | 1 149,5 |
11 | Дене-тарбия жана спорт башкармасы | 3 486,7 |
12 | Жаштар иштери боюнча комитети | 2 869,0 |
13 | Маданият башкармасы | 2 811,5 |
14 | Ош шаардык билим берγγ башкармасы | 640,0 |
15 | Ош шаардык аймактык Кеңештери | 18 114,1 |
| Жыйынтыгы | 90 257,1 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №7-тиркеме
(миң сом) | ||
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы | 23 631,0 |
2 | " Ош шамы" гезитинин редакциясы | 2 000,0 |
3 | Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы | 8 709,3 |
4 | "Алай" футболдук клубу, А.Сγйγмбаев атындагы шаардык стадион | 14 300,0 |
5 | "Шаардык сγт ашканасы" муниципалдык ишканасы | 2 000,0 |
6 | Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасы | 2 023,6 |
| Жыйынтыгы | 52 663,9 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12-февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№251-токтомуна №8-тиркеме
(миң сом) | ||
|
|
|
№ п/п | Аталышы | Суммасы |
|
|
|
1 | Афган согушунун катышуучуларынын жана ветерандарынын ар тγрдγγ иш чараларын ѳткѳрγγгѳ | 400,0 |
2 | Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюууга катышкандардын, инвалиддердин ар тγрдγγ иш чараларына | 350,0 |
3 | Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон жарандарына жардам кѳрсѳтγγгѳ | 1 500,0 |
4 | Кыргыз азиздер жана дγлѳйлѳр коомунун ар тγрдγγ иш чараларын ѳткѳрγγгѳ | 400,0 |
5 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ агенттигинин ѳкγлчγлγк чыгымдарына | 300,0 |
6 | ВИЧ СПИД оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам кѳрсѳтγγгѳ (12 балага) | 144,0 |
7 | Ош шаарындагы №11, 12-мектеп интернатында, "Лотос" жана "Алтын-Уя" балдар γйγндѳ тарбияланып жаткан бир балага берилγγчγ тамак аш нормасына кошумча каражат бѳлγп берγγгѳ | 2 690,9 |
8 | "Бγчγр" калыбына келтирγγ борборунун 4 штаттык бирдигин кармоого | 387,0 |
9 | №30, №25, №66-бала бакчаларга кошумча 1,5 дефектолог, 1,5 медсестра, 0,5 массажист, 1,25 дене тарбия машыктыруучу кармоого (4,75) | 446,2 |
10 | Ош шаардык Кеңешиндеги курьердик кызматтарды аткаруучуга айлык акы жана кγйγγчγ майга тѳлѳѳ γчγн | 173,3 |
11 | Аймактык кенештердеги аксакалдар сотторунун тѳрагаларын сыйлоого | 405,8 |
12 | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматына кошумча 30 штаттык бирдик кармоого | 4 361,8 |
13 | Ош шаарынын медицина тармагында эмгектенген медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ (1 кызматкерге айына 300 сомдон ) | 7 315,2 |
14 | Ош шаардык Кенешинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкерлердин эмгек акысына 1200-2000 сомдон) | 1 913,6 |
15 | Ош шаардык мэриясынын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкерлердин эмгек акысына 1200-2000 сомдон) | 4 351,8 |
16 | Ош шаарынын коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкердин эмгек акысына 600 сом) | 328,4 |
17 | Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын кызматкерлеринин эмгек акысына 2500 сомдон кошумча тѳлѳѳгѳ | 924,0 |
18 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкердин эмгек акысына 1200 сом) | 854,0 |
19 | Муниципалдык кызматкерлерге материалдык жардам кѳрсѳтγγгѳ | 1 791,1 |
20 | Ош шаарынын ѳрткѳ каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине атайын кийимдерди сатып алуу γчγн (Ош шаардык Кенешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №155 токтомунун негизинде) | 200,0 |
21 | 9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына карата аскердик парад ѳткѳрγγ иш-чараларына | 785,1 |
22 | Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратын ремонттоого жана кγйγγчγ майга | 500,0 |
23 | Шаардагы №29 Дарман, №40 Наристе жана №30 "Ай-Данек" атайын бала бакчаларында тарбияланган балдардын тамак-ашына кошумча | 2 723,6 |
24 | Соттун чечими менен Ош шаардык ѳнѳр жай жана ишкердγγлγктγ ѳнγктγрγγ жана Эл аралык байланыштарды ѳнγктγрγγ жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин кызматкери К.Мурзакуловага эмгек милдетин аткаруу учурунда ден-соолугуна зыян келтирилгендиги γчγн | 334,1 |
25 | Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жер тѳѳлѳсγндѳгγ жылытуу системаларын жана суу тγтγкчѳлѳрγн оңдоого кошумча каржылоого | 1 202,5 |
26 | Ош шаарынын Анар кичи районундагы №18-γйγндѳ жашаган 1,2 топтогу майыптарга (кѳздѳн жана кулактан) коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ жеңилдиктерге | 43,7 |
27 | Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын командасынын Бишкек шаарында 2015-жылдын 25-28-февралында жергиликтγγ Кеңештердин депутаттарынын арасында ѳтγγчγ кичи футбол боюнча мелдешке катышуусуна сапар чыгымдарына | 96,6 |
28 | Ош мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин студенттеринин Германия мамлекетиндеги клиникаларда практика ѳтγп келγγсγнѳ | 100,0 |
29 | Ош шаарындагы Кѳкумбий кѳчѳсγнγн 96 γйγнγн 12 батиринин тургуну К. Шадыбековдун Ч.Айтматовго арнаган поэзия тγрγндѳгγ "Кѳздѳрдѳн кѳзгѳ мээр" аттуу китебин чыгарууга | 20,0 |
30 | Ош шаарынын Карасу кѳчѳсγнγн тургуну Р.Жоробекованын уулу Н.Аджиматовдун гепатит оорусу менен ооругандыгына байланыштуу дарылануусуна жардам кѳрсѳтγγгѳ | 120,0 |
31 | Тѳлѳйкѳн айылынын тургуну А.Машаевдин чыгармаларын камтыган китебин чыгарууга жардам кѳрсѳтγγгѳ | 59,0 |
32 | Ош шаардык билим берγγ башкармалыгынын аппаратына 4 кошумча штаттык бирдик кармоого - 420,0 миң сом, усулканасынын 6 кызматкеринин эмгек акысына айына кошумча 3000 сомдон тѳлѳѳгѳ - 253,3 миң сом | 673,3 |
33 | Ош шаарынын клиникалык ооруканасынын тѳрѳт стационарына медициналык аппаратура сатып алууга (Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №155 токтомунун негизинде) | 5 000,0 |
| Баары: | 40 895,0 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С. Маматалиев |