Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 9-октябры № 58/XII
Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгы менен бекитилген 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген, айыл аймактарынан делегатарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин жетекчиликке алуу менен, маселени талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагы боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын курамы калктын санына ылайык -80 делегаттан турары белгиленсин.
2. Жергиликтүү калк арасында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар 2025-жылдын 17-октябрдан 24-октябрына чейин графикке (1 тиркеме) ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.
3. Жайылма айыл аймагы боюнча жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан (2 тиркеме) бекитилсин.
4. Айыл өкмөт башчысы Т.Д.Ногоевге, жергиликтүү жамааттардан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өтүүчү чогулуштарга калктын катышуусун веб-сайт, WhatsApp, кварталдык комитеттер аркылуу жыйындардын өткөрүлө турган күнүн, убакытын билдирүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы жана ишке ашыруу жагы, бекитилген айылдык кеңештин депутаттарына, уюштуруу тобуна жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |
| № 1 тиркеме Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы №58 токтому менен бекитилген |
Жайылма айылдык аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоону
уюштуруу боюнча бөлүмчөлөрдө жыйындарды өткөрүүнүн
ГРАФИГИ
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегат тардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты
| |||||
1 | Чоң-Далы айылы К.Маликов атындагы мектебинин актовый залында | 17.10.2025 | 16:00 | 1440 | 10 | Э.Мырсакеева К.Бегалиев |
2 | Новопокровка айылы
№2 Н.Баранов атындагы мектебинин актовый залында | 18.10.2025 | 16:00 | 6980 | 43 | А.Кыдыкеева А.Исмаилова Л.Кривоносова О.Каунаш Усөн кызы Г. Е.Кундик О.Зайцева А.Бекбоев Ж.Кыдырбаев Г.Картавых Н.Чериков С.Будайчиев |
Новопокровка айылы №4 мектебинде | 20.10.2025
| |||||
3 | Туз Дайырбек Жайылма Нижняя- Серафимовка Туз айылынын маданият үйүндө | 17.10.2025 | 13:00 | 4441 | 27 | С.Миллер А.Бешова А.Кожомбердиева Э.Урманбетова А.Джумалиева |
4 | Жалпы |
|
| 12831 | 80 |
|
Жайылма айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
Джаныш кызы Н. |
| № 2 тиркеме Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы №58 токтому менен бекитилген |
Жайылма айылдык аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоону
уюштуруу боюнча бөлүмчөлөрдө жыйындарды өткөрүү боюнча
жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | кызматы |
1 | Жонгучкаев К.М. | төрага |
2 | Джаныш кызы Н. | катчы |
5 | Биримкулов У. | мүчөсү |
4 | Жонгучкаев Н. | мүчөсү |
5 | Джумагулова Л. | мүчөсү |
6 | Каныбеков Э. | мүчөсү |
7 | Тыналиева В. | мүчөсү |
8 | Исалиев К. | мүчөсү |
9 | Бообеков Б. | мүчөсү |
10 | Картлыкова 3. | мүчөсү |
11 | Мамбеталиев Н. | мүчөсү |
Жайылма айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
Джаныш кызы Н. |