Загрузка документа…
|
| 15-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94, 2026-жылдын 29-сентябры № 655 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы";
- расмий тилде: "Государственная служба финансовой разведки при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
3. Кызматтын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ФЧМК";
- расмий тилде: "ГСФР".
4. Кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
5. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери), ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын Кызматтын ишине өз милдеттерин жана функцияларын аткарып жатканда кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
7. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
Кызматтын өз алдынча балансы, белгиленген тартипте ачылуучу эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
8. Кызматтын туусу жана эмблемасы бар, алардын сыпаттамасы жана эскиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.