Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 655
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын курамында:
- он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
"261. Мониторинг жүргүзүүнүн (аралыктан контролдоонун), көчмө текшерүүнүн же инспекциялоонун жыйынтыктары боюнча виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда текшерүүчү орган актыга же протоколго кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн документтерди ырастоочу материалдары менен бирге виртуалдык активдер чөйрөсүндө лицензиялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдер чөйрөсүндө лицензиялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алынган материалдардын негизинде белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоо жана тиешелүү таасир этүү чараларын (санкцияларды) колдонуу, анын ичинде лицензиянын (уруксаттын) колдонулушун токтото туруу же чакыртып алуу жөнүндө маселени карайт.";
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Текшерүүчү орган контролунда турган жактарга (атап айтканда виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөргө карата) лицензияларды (уруксаттарды) берүү, алардын колдонулушун токтото туруу же чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурларда текшерүүчү орган КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныкталган одоно жана бир нече жолу бузуулар жөнүндө материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү үчүн лицензия (уруксат) берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 10-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-глава. Кылмыштуу иш менен байланышкан адамдардын контролунда турган жактарды башкаруусуна жана ээлик кылуусуна бөгөт коюу максатында текшерүүчү органдар жана лицензиялоону (уруксат берүүчү документтерди берүүнү) жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүү";
- 97, 98-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Текшерүүчү органдар жана лицензиялоону (уруксат берүүчү документтерди берүүнү) жүзөгө ашыруучу органдар лицензиялоо, уруксат берүү жана каттоо жол-жоболорун жүргүзүүдө, ошондой эле жетекчилик кызматтарга талапкерлерди макулдашууда жана (же) өздөрүнүн контролунда турган жактардын олуттуу катышуу үлүшүн (уставдык капиталындагы акциялардын же үлүштөрдүн 25 жана андан көп пайызын) алуу боюнча бүтүмдөрдү жактырууда, текшерилүүчү уюштуруучулар, катышуучулар (акционерлер), бенефициардык ээлери жана жетекчилер жөнүндө маалымат алуу үчүн финансылык чалгындоо органына жана ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына (ички иштер органдары, улуттук коопсуздук органдары) суроо-талаптарды жиберүүгө милдеттүү.
98. Ушул Жобонун 97-пунктунда көрсөтүлгөн суроо-талаптар боюнча финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары тиешелүү текшерүүчү органга же лицензиялоону (уруксат берүүчү документтерди берүүнү) жүзөгө ашыруучу органга он жумуш күндүн ичинде текшерилүүчү адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен төмөнкү формалардын бири боюнча расмий корутунду берүүгө милдеттүү:
1) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбегендигин көрсөтүүчү терс мүнөздөгү маалыматтар жок";
2) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгын тереңдетилген текшерүү үчүн негиз боло турган маалыматтар бар";
3) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кылмыштуу ишке катыштыгы болушу мүмкүн экендигине байланыштуу кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбегендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтар бар".";
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-глава менен толукталсын:
"101-глава. Финансылык чалгындоо органынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу, жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүсү
1001. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу, жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган системалуу негизде (айына бир жолудан кем эмес) финансылык чалгындоо органына лицензияланган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн, майнингге берилген сертификаттардын актуалдуу электрондук реестрлерин, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берет.
1002. Аталган ыйгарым укуктуу орган квартал сайын финансылык чалгындоо органына КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү бузуулар жана лицензиясыз иш үчүн колдонулган таасир этүү чаралары (салынган айыптар, убактылуу токтотулган жана кайра чакыртып алынган лицензиялар) жөнүндө статистикалык маалыматты жөнөтөт.
1003. Финансылык чалгындоо органы туруктуу негизде виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виртуалдык активдерди пайдалануу менен кирешелерди адалдоонун жана кылмыштуу ишти каржылоонун жаңы аныкталган типологиялары (схемалары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле көзөмөлдөө жана лицензиялоо практикасында пайдалануу үчүн сектордук тобокелдиктерди стратегиялык талдоонун натыйжаларын берет.";
- жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык тиркеме менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жободо:
- 6-пунктта "жана идентификациялык карточканы" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан жеке же юридикалык жактын, ошондой эле топтун же уюмдун толтурулган идентификациялык карточкаларын кошумча сурай алат.";
- 8-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары электрондук колтамганы колдонуу менен корголгон байланыш каналдары боюнча электрондук түрдө идентификациялык карточкаларды жана документтерди финансылык чалгындоо органына кошумча жиберет.";
- 16-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө жана жетиштүү негиздерди көрсөтүү менен жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө эл аралык суроо-талапты жибере алат.";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органы чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жеке же юридикалык жактын, ошондой эле топтун же уюмдун толтурулган идентификациялык карточкаларын кошумча сурай алат.";
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабарлоолорду таратууга жазылууну жүзөгө ашырат. Тийиштүү кабарлоону алганда финансылык чалгындоо органы ал алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде маалыматты өзүнүн расмий сайтынын жаңылыктар блогунда жарыялоону камсыз кылат.";
- 45, 46-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45. Тизмек Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын, сотторунун жана пробация органынын маалыматынын негизинде түзүлөт.
46. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), кылмыштуу ишти каржылоого күнөөлүү деп таанылган жеке жактар тарабынан жүргүзүлгөн операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү максатында Тизмекке Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгарылган, реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган жеке жактар да киргизилиши мүмкүн.";
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 24-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 25-27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же аны жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөндүгү жана аны жетектегендиги, же ушул топко же коомдоштукка катышкандыгы, же ушул топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө маалыматтар бар, санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга тоңдурулган каражаттарга төмөнкүдөй максаттарда жетүү мүмкүнчүлүгү берилет:
1) коммерциялык максаттардагы ижарадан тышкары турак жай ижарасына жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;
2) зайымдарды кошпогондо, кредитти төлөө;
3) салыктарды, жыйымдарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
4) банктык эсептешүү эсептерин жана тоңдурулган каражаттарды учурдагы сактоо же күтүү үчүн жыйымдарды, комиссияларды же төгүмдөрдү төлөө;
5) күчүн жоготту деп таанылган;
6) күчүн жоготту деп таанылган;
7) күчүн жоготту деп таанылган;
8) мамлекеттик жөлөкпул алуу;
9) пенсия алуу;
10) алимент алуу/төлөө;
11) күчүн жоготту деп таанылган;
12) мамлекеттик, муниципалдык жана сот органдарынын пайдасына айыптарды төлөө.
26. Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга ушул Жобонун 23-25-пункттарында көрсөтүлгөн чыгымдардан айырмаланган өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында финансылык чалгындоо органы тарабынан каралуучу кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү Комитетине кабарлоодон кийин жана мындай өтүнүч БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү Комитети тарабынан жактырылган шартта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колдонулуучу резолюцияларына ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
27. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобонун 23-25-пункттарында көрсөтүлгөн чыгымдарды (муктаждыктарды) жабуу максатында жетүү мүмкүнчүлүгү берилген учурдан тартып үч сааттын ичинде корголгон байланыш каналдары боюнча финансылык чалгындоо органына (финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген форма боюнча) кийин кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга тоңдурулган каражаттарга демейки тартипте жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Аталган операцияларды жүргүзүүгө төмөнкү шарттар сакталган учурда гана жол берилет:
- операция каражаттарды накталай эмес которуу жолу менен гана жүргүзүлөт;
- төлөмдүн максаттуу багытын ырастоочу документтердин (эсептер, келишимдер, актылар, салыктык кабарлоолор, камсыздандыруу полистери) түп нускаларынын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн болушу;
- каражаттардын акыркы алуучусун кошо алганда, төлөмдүн толук тизмегин аныктоо.";
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Банктык эсептерди (аманаттарды) толуктоого уруксат берилет, ошол эле учурда жаңы түшкөн каражаттар токтоосуз бөгөттөлүүгө тийиш.";
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө колдо болгон жана документ менен ырасталган маалыматтарды (бенефициардык ээлеринин анкеталары), анын ичинде электрондук түрдө корголгон байланыш каналдары боюнча кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып же бенефициардык ээлери жөнүндө мурда берилген маалыматтарда өзгөртүүлөр аныкталган учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына берет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсинин анкетасынын электрондук формасында маалыматтар базасынын түзүмүндө (ушул Жобонун 4-главасында) каралган "Маалыматтарды берүү жөнүндө кызматтык маалымат" бөлүмүн толтурууга милдеттүү. Аталган бөлүм милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш жана берилүүчү маалыматтардын статусун аныктоо, ошондой эле ушул Жобонун 12-пунктунда каралган мөөнөттөрдү эсептөө үчүн колдонулат.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
№ | Маалыматтар | Толтуруу тартиби (эскертүү) |
1. Маалыматтарды берүү жөнүндө кызматтык маалымат | ||
1 | Берилүүчү маалыматтардын статусу (керектүүсүнүн алдын сызуу же бөлүп көрсөтүү) | Талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалары боюнча алгачкы жолу берүү. Мурда берилген маалыматтарды жаңылоо |
2 | Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүлгөн дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (алгачкы жолу берүүдө толтурулат) |
3 | Мурда берилген маалыматтарда өзгөртүүлөр аныкталган дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (маалыматтарды жаңылоодо толтурулат) |
4 | Маалыматтарды жаңылоо үчүн негиз | Өзгөртүүлөрдүн мүнөзүн кыскача сыпаттоо (бенефициардын алмашуусу, үлүштүн өзгөрүшү, паспорттук маалыматтардын жаңыланышы ж.б.) |
2. Юридикалык жак жөнүндө негизги маалымат | ||
5 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган (бар болсо) фирмалык аталышы |
|
6 | Каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйруктун датасы жана номери |
|
7 | Баштапкы мамлекеттик каттоонун датасы (бар болсо) |
|
8 | Уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчигинин формасы |
|
9 | Юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу) |
|
10 | Каттоо номери |
|
11 | Идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) |
|
12 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификаторунун коду (мындан ары - ИУЖК) |
|
13 | Юридикалык дареги |
|
14 | Иш жүзүндөгү дареги |
|
15 | Юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар |
|
16 | Жетекчи жөнүндө маалыматтар |
|
17 | Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалыматтар |
|
18 | Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар |
|
3. Бенефициардык ээси жөнүндө жалпы маалыматтар | ||
19 | Жеке жакты бенефициардык ээси деп таануу критерийи (керектүүсүн бөлүп көрсөтүү) |
|
Юридикалык жактын 25 жана андан көп пайызына ээлик кылуу аркылуу контролдоо | ||
1) жеке жак соңку жыйынтыгында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардарга - юридикалык жакка ээлик кылат же контролду жүзөгө ашырат же кардардын - юридикалык жактын уставдык капиталында кардардын - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуу (башкаруу) артыкчылыктарын пайдаланат (көбүрөөк катышат (25 жана андан көп пайыз) же кардардын - юридикалык жактын добуш берилүүчү акцияларынын жалпы санынын 25 жана андан көп пайызына ээлик кылат | кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган учурда бардык өз ара байланыштар тизмеги толук көрсөтүлөт | |
Башка каражаттардын жардамы менен контролдоо | ||
2) жеке жак кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосуна түз же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | келишимдин номери, датасы, предмети жана колдонуу мөөнөтү, ошондой эле башка маанилүү шарттар көрсөтүлөт | |
3) жеке жак юридикалык жактагы добуш берүү укуктарынын көпчүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ | бул контроль кандай жол менен жана кайсы адамдар аркылуу жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
4) жеке жак юридикалык жактын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн же ушул сыяктуу кызмат адамдарын дайындоо же бошотуу мүмкүнчүлүгүнө же укугуна ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
5) жеке жак юридикалык жактын менчик үлүшүнө байланышкан тиешелүү вето укуктарына же чечимдерди кабыл алуу укуктарына ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
6) жеке жак юридикалык жактын пайдасын бөлүштүрүү же активдерин которуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
7) жеке жак менчик ээлери, мүчөлөрү же юридикалык жактар менен түзүлгөн расмий же расмий эмес макулдашуулар, уставдын жоболору, өнөктөштүк макулдашуулар, синдикация жөнүндө макулдашуулар же ошолорго барабар документтер же макулдашуулар аркылуу (юридикалык жактын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө жана добуш берүү тартибине жараша) контроль жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | кайсы келишимдер жана макулдашуулар аркылуу, кайсы жактар менен кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
8) жеке жак туугандык же үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу контроль жүргүзөт | кайсы туугандары (адамдары) аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
9) жеке жак формалдуу же формалдуу эмес макулдашууларды пайдалануу жолу менен контроль жүргүзөт | кайсы адамдар аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт | |
Трасттын бенефициарлары | ||
10) жеке жак соңку жыйынтыгында юридикалык түзүлүшкө ээлик кылат же контроль жүргүзөт, анын ичинде юридикалык түзүлүшкө түздөн-түз контроль жүргүзгөн адамдар | контролдун мүнөзү жана адамдардын тизмеги көрсөтүлөт | |
11) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү адамынын (мүлктү трастка өткөрүп берген адам) ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт | |
12) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү менчик ээсинин (башкаруучусунун) ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт | |
13) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн камкорчусу ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт | |
14) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн бенефициары ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт | |
Контролдоонун башка ыкмалары | ||
15) жеке жак кардардын аракеттерин башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ | адамдын кардардын аракеттерин мындай контролдоо мүмкүнчүлүгүнө эмне себептен ээ экендиги толук көрсөтүлөт (кардардын түшүндүрмөсү) | |
Ээлеген позициясы аркылуу контролдоо | ||
16) жеке жак юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардарды - юридикалык жакты башкарат (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруу контролун жүргүзгөн же финансылык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алган адам) | ээлеген кызмат ордунун так аталышы жана ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт | |
17) контролдоонун башка факторлору (кардардын каалоосу боюнча) | өзгөчө факторлор сыпатталат | |
4. Бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
20 | Бенефициардык ээси катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (% менен) | % менен көрсөтүлөт |
21 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүн бөлүп көрсөтүү) | резидент; резидент эмес |
22 | Фамилиясы |
|
23 | Аты |
|
24 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
25 | Туулган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт |
26 | Туулган жери | Документте маалыматтар болсо толтурулат |
27 | Улуту | Арыз ээсинин каалоосу боюнча же документте болсо толтурулат |
28 | Жынысы |
|
29 | Жарандыгы |
|
30 | Үй-бүлөлүк абалы |
|
31 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери | |
Документтин аталышы |
| |
Документтин сериясы жана номери |
| |
Документтин берилген датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт | |
Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт | |
Документти берген органдын аталышы |
| |
Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
Идентификациялык жеке номери (ИЖН) | 14 белгиден турган санариптик код | |
32 | Катталган жеринин дареги | Документке ылайык көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, (район, калктуу конуш), көчө, үй, корпус, батир |
33 | Иш жүзүндө жашаган (турган) жеринин дареги | Көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, (район, калктуу конуш), көчө, үй, корпус, батир |
34 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары | |
Телефондорунун номерлери (иш, мобилдик) |
| |
Факстын номери (бар болсо) |
| |
Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
| |
35 | Банктык эсептеринин номерлери |
|
36 | Коомдук кызмат адамынын (ККА) статусу (керектүүсүн белгилөө) | ооба; жок |
37 | Коомдук кызмат адамынын (ККА) үй-бүлө мүчөсүнүн же жакын адамынын статусу (керектүүсүн белгилөө) | ооба; жок. "ооба" вариантын тандаган учурда туугандык даражасы көрсөтүлөт: жубайы, балдары, атасы, энеси, чоң атасы, чоң энеси, неберелери, байке-инилери, эже-сиңдилери же башка |
38 | Коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналган бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматтар | |
Ээлеген (мурда ээлеген) кызмат орду | 36 же 37-пункттарда оң жооп болгон учурда толтурулат | |
Кызмат ордуна дайындалган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (бар болсо) | |
Кызмат ордунан бошотулган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (бар болсо) | |
";
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лицензиялоо жана рынокко киргизүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар бенефициардык ээлеринин кемчиликсиз ишкердик аброюн текшерүү жана менчиктин жашыруун түзүмдөрүн аныктоо максатында маалыматтар базасынан маалыматтарды пайдаланат.";
8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө жободо:
- 5-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ресурстарды бөлүштүрүү жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өздөрүнүн тобокелдиктерин жылына бир жолудан кем эмес баалоого, аныктоого, документтештирүүгө жана дайыма жаңылоого милдеттүү.";
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. КИК/ККЛК чөйрөсүндө кесиптик кошумча билим берүүнүн (квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо) программалары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.";
- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. Аудит финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын ички аудиторлору же аудитке жооптуу адамы/бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, ал эми алар жок учурда аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган тышкы аудиторлор жана (же) аудитордук уюмдар (мындан ары - аудитор) тарабынан жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган аудиторлор Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борбору тарабынан берилген кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тиешелүү сертификатка ээ болууга тийиш.";
- 51-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
9) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Накталай улуттук жана (же) чет өлкө валютасын сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалган учурда суммасына карабастан ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде кардардын ким экендигин аныктоо, ошондой эле кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71. Төлөм терминалдары аркылуу банктык эсептерди, банктык карталарды жана электрондук капчыктарды накталай акча каражаттары менен толуктоо боюнча бир жолку операция (бүтүм) жасалган учурда финансылык мекемелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тартипте, анын ичинде алыстан (аралыктан) ыкма менен кардарды идентификациялоону жана верификациялоону, ошондой эле кардардын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүнү жүргүзөт.";
- 58-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды жаңылоодо жеткиликтүү мамлекеттик маалыматтык системаларды жана маалыматтар базаларын пайдалануу менен аларды кайра текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү. Кардар тарабынан берилген маалыматтар менен жогоруда аталган системаларда камтылган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктар аныкталган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тиешелүү маалыматты мындай айырмачылыктар аныкталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 661-пункт менен толукталсын:
"661. Ушул главанын эл аралык электрондук акча которууларга карата колдонулуучу жоболору босоголук мааниден ашкан виртуалдык активдерди которууларга да жайылтылат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн виртуалдык активдерди которуулар жөнөтүүчүнүн же алуучунун катталган өлкөсүнө (аймагына) же жайгашкан жерине карабастан ушул Жобонун 67-пунктунда каралган толук маалымат менен коштолууга тийиш.";
- 69-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69. Кыргыз Республикасынын ичиндеги электрондук акча которууларды коштоочу маалымат акча которууларды жана виртуалдык активдерди которууларды жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык түзүлөт жана берилет жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнөтүүчүнү жана алуучуну идентификациялоо, ошондой эле мындай которууларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.";
10) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин тармактык компетенттүү органдарынан маалыматты түз суроого жана аны менен алмашууга укуктуу. Аталган алмашуу төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) лицензияларды берүүдө чет өлкөлүк уюштуруучулардын, бенефициардык ээлеринин жана арыз ээлеринин жетекчилеринин кемчиликсиз ишкердик аброюн, соттуулугунун жоктугун текшерүү жана кылмыштуу иш менен байланышын аныктоо;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн лицензиясыз трансчек аралык ишин аныктоо жана бөгөт коюу;
3) виртуалдык активдер жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын (санкцияларды) колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу.";
11) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү (мындан ары - тобокелдиктерди баалоо) тартибин жана мөөнөттөрүн, анын ичинде тобокелдиктерди улуттук баалоону жана тобокелдиктерди сектордук баалоону, ошондой эле тобокелдиктерди баалоого катышкан жактардын тизмегин түзүү, анын натыйжалары жөнүндө тиешелүү отчетторду түзүү, бекитүү жана жарыялоо жол-жоболорун аныктайт.";
- 2-пунктта "улуттук" деген сөз алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) тобокелдиктерди сектордук баалоо - көзөмөлдөөчү органдардын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алардын көзөмөлүндө турган секторлордогу тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана түшүнүү боюнча, ошондой эле анын натыйжалары жөнүндө отчетту даярдоо боюнча иши.";
- 7-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тобокелдиктерди улуттук баалоо жүргүзүүнүн алкагында тизмеги Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун (ушул токтомдун 3-тиркемеси) 4-10-пункттарында каралган контролунда турган жактардын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү тобокелдиктерин баалоо жөнүндө текшерүүчү органдардын отчеттору пайдаланылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде контролунда турган жактардын КИК/ККЛК тобокелдиктерин баалоого, алардын актуалдуулугун камсыз кылууга жана КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө тобокелдиктерди сектордук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду финансылык чалгындоо органына берүүгө, ошондой эле контролунда турган жактарга тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
Тобокелдиктерди баалоо ушул Жобонун 44-пунктунда каралган учурларда каалаган убакта, бирок тобокелдиктерге акыркы баалоо жүргүзүлгөн учурдан тартып үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыланууга тийиш.
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө тобокелдиктерди улуттук баалоону (ТУБ) жана тобокелдиктерди сектордук баалоону жүргүзүүдө виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууну, жөнгө салууну жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүчү орган менен биргеликте толук укуктуу кошо аткаруучу болуп саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
"211. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тобокелдиктерди улуттук баалоону жана тобокелдиктерди сектордук баалоону жүргүзүүнүн алкагында жумушчу топторго төмөнкүлөрдү берет:
1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдү лицензиялоо жөнүндө жалпыланган статистикалык маалыматтарды;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде алынган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн бенефициардык ээлери аныкталган менчик түзүмдөрү жөнүндө маалыматтарды;
3) виртуалдык активдерди, инновациялык технологияларды, продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда келип чыгуучу аялуулуктар жөнүндө аналитикалык материалдарды, ошондой эле тобокелдиктерди баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматты.";
12) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча колдонмолорду, нускамаларды жана талаптарды, анын ичинде кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү, тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу жана үчүнчү тараптар тарабынан жүзөгө ашырылуучу чараларды пайдалануу тартибин иштеп чыгат жана бекитет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын босоголук суммалары
№ | Операциянын (бүтүмдүн) түрү | Улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы эквивалентте босоголук сумма | Эскертүү |
1 | Алыш-бериш эсебин пайдалануу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес түрдө |
2 | Алыш-бериш эсебин пайдалануу менен операциялар | 1000000 сом | Накталай түрдө |
3 | Карта байланган банктык эсепти колдонуу менен операциялар (финансылык чалгындоо органы тарабынан ушул тиркемеге карата методикалык сунуштамаларда аныкталган операцияларды кошпогондо) | 1000000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана (же) 7 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай эмес түрдө |
4 | Карта байланган банктык эсепти колдонуу менен операциялар (толуктоо/алуу) | 500000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана (же) 7 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай түрдө |
5 | Депозиттик эсепти (талап кылынганга чейинки эсеп) колдонуу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
6 | Брокердик эсепти пайдалануу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
7 | Виртуалдык активдер менен операциялар (сатып алуу-сатуу/алмашуу/которуу) | 1000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
8 | Күчүн жоготту деп таанылды |
|
|
9 | Акча которуу системасы (АКС) аркылуу жүргүзүлгөн операциялар | 1000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
10 | Электрондук капчыктарды пайдалануу менен операциялар (финансылык чалгындоо органы тарабынан ушул тиркемеге карата методикалык сунуштамаларда аныкталган операцияларды кошпогондо) | 500000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана (же) 7 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай эмес/накталай түрдө |
11 | Кредиттик эсепти (ссудалык эсепти) пайдалануу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
12 | Өмүрдү камсыздандыруу боюнча операциялар (камсыздандыруу келишимин түзүү, камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө, камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөө) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
13 | Казино, оюн-зоок жайларынын жана кумар оюндарын уюштуруучулардын иши менен байланышкан операциялар | 1000000 сом | Накталай түрдө |
14 | Баалуу кагаздар менен операциялар (сатып алуу, сатуу, жайгаштыруу, төлөө, менчик укугун өткөрүп берүү) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
15 | Зайымдарды берүү жана алуу боюнча операциялар (анын ичинде микрофинансылык иш жана кредит берүү) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
16 | Мүлктү күрөөгө кабыл алуу жана күрөөгө коюу менен зайымдарды берүү боюнча операциялар (ломбард иши) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
17 | Финансылык ижара (лизинг) боюнча операциялар, анын ичинде лизингдик төлөмдөрдү берүү жана кайтаруу | 1000000 сом | Накталай түрдө |
18 | Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар (сатып алуу-сатуу, алмашуу, сактоо, менчик укугун өткөрүп берүү) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү талаптардын маалыматтарды коргоо жана купуялуулукту сактоо эрежелери менен шайкештигин камсыз кылуу боюнча кызматташуу жана координациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн финансылык чалгындоо органы менен мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына ээ болгон башка мамлекеттик органдардын (мындан ары - компетенттүү органдар) ортосундагы кызматташуу жана координациялоо механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин алкагында өз ара аракеттенүү мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн максатына артыкчылык берүү, маалыматтын купуялуулугу жана аны максаттуу пайдалануу принциптерине негизделет.
2-глава. Маалымат алмашууда өз ара аракеттенүү тартиби
3. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат базаларын түзүү жана аларды актуалдуу абалда кармап туруу максатында финансылык чалгындоо органы менен компетенттүү органдардын ортосунда маалымат алмашуу негизинен ушул Жобонун 7-главасына ылайык финансылык чалгындоо органына электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына автоматташтырылган түз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Автоматташтырылган маалымат алмашуу жеткиликтүү маалыматтардын тизмегин жана ага кирүү тартибин аныктаган ведомстволор аралык макулдашуулардын негизинде "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы жана башка корголгон байланыш каналдары аркылуу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
5. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапты (суроо-талап-жооп модели) жөнөтүү төмөнкүдөй өзгөчө учурларда жүзөгө ашырылат:
1) зарыл болгон маалымат автоматташтырылган кирүү мүмкүнчүлүгү берилген маалымат базаларында жок болсо;
2) автоматташтырылган маалымат алмашуу системасында техникалык бузулуу болсо;
3) процесстик аракеттер үчүн кагаз жүзүндөгү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алуу талап кылынса.
6. Жазуу жүзүндөгү суроо-талап жүйөлүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) суроо-талап үчүн негиз болуп саналган "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемине шилтемени;
2) финансылык териштирүүнү, ыкчам же стратегиялык талдоону жүргүзүү менен байланышкан суроо-талаптын максатын так көрсөтүүнү;
3) суроо-талаптын максатына жетүү үчүн зарыл жана жетиштүү болгон суралып жаткан маалыматтын толук тизмегин (пропорционалдуулук принциби).
7. Компетенттүү органдар маалыматты электрондук башкаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген талаптарга ылайык интеграциялоо жана үзгүлтүксүз маалымат алмашуу үчүн өздөрүнүн маалыматтык системаларынын техникалык жана уюштуруучулук жактан даярдыгын камсыз кылат.
3-глава. Пикир келишпестиктерди жана коллизияларды чечүү механизми
8. Маалымат кармоочу компетенттүү орган тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга негизделген суроо-талап менен Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда мүмкүн болгон карама-каршылык аныкталган учурда бул орган алдын ала консультацияларды өткөрбөстөн суроо-талапты аткаруудан баш тартууга укуксуз.
9. Маалымат кармоочу органдын жана суроо-талапты демилгелеген органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери үч жумуш күндүн ичинде эки мыйзамдын тең режимдеринин сакталышын камсыз кылган өз ара алгылыктуу чечимди издөө максатында суроо-талаптын укуктук негиздерин, максатын жана көлөмүн тактоо үчүн консультацияларды өткөрөт.
10. Аткаруучулардын деңгээлинде макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда маселе эки жумуш күндүн ичинде тиешелүү компетенттүү органдардын жетекчилеринин (же алардын ыйгарым укуктуу орун басарларынын) кароосуна чыгарылат.
11. Эгерде пикир келишпестиктер компетенттүү органдардын жетекчилеринин деңгээлинде жөнгө салынбаса, маселе тараптардын каалаганынын демилгеси боюнча аны чечүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын кароосуна чыгарылышы мүмкүн. Маселени кароодо эксперттик корутунду берүү үчүн жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү чакырылышы мүмкүн.
4-глава. Жоопкерчилик
12. Компетенттүү органдардын кызмат адамдары ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган мамлекеттик, кызматтык, банктык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы же кызматтык максаттардан башка максаттарга пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.".