Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабры № 779
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун айрым маселелери жөнүндө
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин тандоону жана ишке ашырууну регламенттештирүү, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо системасын киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 1-пунктунун алтынчы абзацын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 “2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 6-главанын 6.2-параграфы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“§ 6.2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү боюнча чаралар төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну камтыйт:
– жергиликтүү коомчулук тарабынан демилгеленген долбоорлорду көрсөтүү, тандоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына долбоорду көрсөтүүдөн жана талкуулоодон, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн конкурстук тандоого долбоордук өтүнмөнү берүүдөн баштап долбоордук циклди ишке ашыруу боюнча консультацияларды, иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын пакетин колдонуу боюнча консультацияларды берүү.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдүн тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылар зарыл:
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө тургундарга маалымат берүү;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүү;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин талкуулоо;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого берүү үчүн алдын ала тандоо;