Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 723 токтомуна)
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик башкаруунун республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеринде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгуу эрежелерин жана процессин, ошондой эле болжолду иштеп чыгуу процессинде республикалык жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу (мындан ары - Болжол) өлкөнү стратегиялык өнүктүрүүнүн өз ара байланышын белгилөө максатында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын, мамлекеттик жана сектордук/тармактык программаларды, социалдык-экономикалык болжолдоонун жана бюджеттик пландоонун параметрлерин эске алуу менен мамлекеттик башкаруунун республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеринде жыл сайын орто мөөнөттүү мезгилге иштелип чыгат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Болжол - мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлинде иштелип чыгуучу социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу - макроэкономикалык максаттуу параметрлер, социалдык көрсөткүчтөрдүн параметрлери, жылдарга бөлүү менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тенденциялары, артыкчылыктары жана көрсөткүчтөрү;
2) региондордун Болжолу - мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде иштелип чыгуучу социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу - региондорду өнүктүрүүнүн сектордук/тармактык максаттары, жылдарга бөлүү менен региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тенденциялары, артыкчылыктары жана көрсөткүчтөрү;
3) сектордук деңгээлдеги Болжол - өлкөнү/регионду өнүктүрүүнүн макроэкономикалык милдеттерине жараша экономиканын секторлорун/тармактарын өнүктүрүүнүн максаттарын жана негизги багыттарын белгилөө, жылдарга бөлүү менен секторлорду/тармактарды өнүктүрүүнүн тенденциялары, мыйзам ченемдүүлүгү, көрсөткүчтөрү.
3. Мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлиндеги Болжол экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткаруу бийлигинин борбордук органдары, региондордун аткаруу органдары жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо системасынын башка катышуучулары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тышкы жана ички шарттарын талдоонун негизинде иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан тармактык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун көмөк көрсөтүүсү менен иштелип чыгат жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга топтоо/жалпылоо үчүн жөнөтүлөт.
5. Болжол республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жана пландарын, Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана орто мөөнөттүү мезгилге республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү үчүн негиз болуп саналат.
6. Макроэкономикалык жана социалдык параметрлердин болжолу орто аралык мүнөзгө ээ жана учурдагы натыйжаларды баалоону жана жаңы ички жана тышкы факторлорду/тобокелдиктерди аныктоону эске алуу менен болжолдонгон мезгил ичинде кайра каралышы мүмкүн.
7. Узак мөөнөттүү болжолдорду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык жүзөгө ашырылат, анда узак мөөнөттүү Болжол жөнүндө документтин долбоорун берүү тартиби жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
2-глава. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун түзүмү
8. Мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлинде иштелип чыгуучу болжол төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн учурдагы тенденциясы;
2) орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүү шарттарынын мүнөздөмөлөрү (тышкы жана ички факторлор);
3) макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары;
4) негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр (өткөн жылда иш жүзүндө, учурдагы мезгил жана 5 болжолдуу жыл);
5) экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнүн тенденциялары жана келечектери (өткөн жылда иш жүзүндө, учурдагы мезгил жана 5 болжолдуу жыл), анын ичинен өнөр жайда, айыл чарбада, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө;
6) орто мөөнөттүү мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары;
7) региондорду өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде региондук дүң продуктунун чоңдугу (өткөн жылда иш жүзүндө, учурдагы мезгил жана 5 болжолдуу жыл).
9. Болжолдун көрсөткүчтөрүнүн тизмеги бул Тартиптин болжолдонуучу көрсөткүчтөрүнүн формалары менен 2-15-тиркемелерге ылайык аныкталат.
10. Мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде иштелип чыгуучу региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларынын мүнөздөмөлөрү;
2) регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары (анын ичинде капиталдык салымдардын көлөмү менен региондо ишке ашырылуучу өндүрүштүк, инфраструктуралык, социалдык долбоорлордун тизмеги);
3) болжолдонуучу көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө/төмөндөшүнө таасир этүүчү факторлордун мүнөздөмөлөрү;
4) региондорду өнүктүрүү боюнча саясаттын ишке ашырылып жаткан жана сунушталган чаралары;
5) региондун экономикасынын секторлорун/тармактарын өнүктүрүүнүн тенденциялары жана келечектери, социалдык көрсөткүчтөрүнүн параметрлери (өткөн жылда иш жүзүндө, учурдагы мезгил жана 5 болжолдуу жыл);
6) региондук дүң продуктунун чоңдугу (өткөн жылда иш жүзүндө, учурдагы мезгил жана 5 болжолдуу жыл);
11. Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун көрсөткүчтөрүнүн тизмеги бул Тартиптин болжолдонуучу көрсөткүчтөрүнүн формалары менен 4-15-тиркемеге ылайык аныкталат.
12. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик болжолдоо системасынын катышуучуларынын бул Тартиптин 2-15-тиркемелериндеги болжолдонуучу көрсөткүчтөрдүн тизмеги менен жыйынды таблицаларды түзүүсү белгиленген компетенциянын чегинде өз алдынча тандалып алынган методдорго ылайык жана экономикалык болжолдоо инструменттерин колдонуу менен эсептөө таблицаларынын негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Республиканы, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөрдүн формалары жана тизмеги стратегиялык жана программалык документтерге ылайык стратегиялык максаттарга жана артыкчылыктарга жараша аныкталышы мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.