Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры № 723
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасын жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-1-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы (мындан ары - Система) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары - Тартип) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана мамлекеттик бийликтин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алсын.
3. Илимий-билим берүү уюмдарына жана мекемелерине, жеке ишканаларга/уюмдарга, мамлекеттин катышуусу бар чарбалык субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо модели жана аны пайдалануу боюнча колдонмо жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы (мындан ары - Мамлекеттик болжолдоо системасы) - өлкөнүн орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) өнүктүрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик болжолдоо принциптеринен, документтерден, процесстерден жана катышуучуларынан турган өз ара байланыштагы элементтердин жыйындысы.
2. Мамлекеттик болжолдоо системасы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу өз ара мамилелерди камтыйт жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Мамлекеттик болжолдоо системасынын башка катышуучуларынын ишин мамлекеттик болжолдоонун алкагында координациялоонун негиздерин белгилейт.
3. Мамлекеттик болжолдоо - Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонгон негизги көрсөткүчтөрүнүн жана максаттуу багыттарынын мүмкүн болгон абалдарын көрсөтүү менен алдыдагы мезгилге карата Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттары, багыттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдү иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана болжолдоо процессинин башка катышуучуларынын иши.
4. Мамлекеттик болжолдоо системасы негизги принциптерди, катышуучулардын жоопкерчилигин белгилейт, мамлекеттик стратегиялык башкаруунун документтеринин системасын аныктайт жана иштеп чыгууга, бекитүүгө, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого байланышкан мамилелерге жайылтылат.
5. Мамлекеттик болжолдоо системасын укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине негизделет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Мамлекеттик болжолдоо системасына ылайык жүзөгө ашырылат.