Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 793
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу процессин автоматташтыруу максатында, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Санарип аймак” АМС аркылуу маалыматтарды топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, пайдалануу, берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу, туруктуу негизде маалыматтарды жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” модулун актуалдаштырууну камсыз кылуу сунушталсын.”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
– 4-пунктта:
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9) “Санарип аймак” АМСтин пайдалануучулары – “Санарип аймак” АМCке тиешелүү кирүү мүмкүндүгү бар жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландаштыруунун жана болжолдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгууга, “Санарип аймак” АМСке маалыматтарды жүргүзүүгө жана актуалдаштырууга жана/же отчетторду жана чыгуу формаларын түзүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү муниципалдык кызматчылары, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;”;
11-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– муниципалдык статистиканы жүргүзүү максатында маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн ыйгарым укуктуу жана “Санарип аймак” АМСтин “Үй чарбаларды эсепке алуунун электрондук китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” модулдарынын жеке эмес маалыматтар базасына кирүү укугу бар борбордук аппараттын же ведомстволук бөлүмдүн мамлекеттик кызматчысы;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 16–18-пунктчалар менен толукталсын:
“16) региондук өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын адиси – аткаруу бийлигинин органынын борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруунун, болжолдоонун жана талдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы” модулуна жеткиликтүүлүк берилген мамлекеттик кызматчысы;
17) облустагы, райондогу социалдык-экономикалык абалды жана коомдук-саясий кырдаалды пландаштыруунун, болжолдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу процессин жүргүзүү үчүн “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы” модулуна жеткиликтүүлүк берилген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси;