Редакцияот 11.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 11-декабры № 801

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жободо:

– 1-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 11-пункттун 7-пунктчасында ", калкты каттоо жана документтештирүү" деген сөздөр алып салынсын;

– 12-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 14-пункттун 19-пунктчасында ", калкты каттоо жана документтештирүү" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев