Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 250
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын сунуштарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ айтылган шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон ѳткѳрγлсγн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Р.Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
Ош шаардык
Кеңешинин 2015-жылдын
12 -февралындагы
№ 250- токтомуна тиркеме
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мѳѳнѳтγ | Аткаруучулар |
I | СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР |
|
|
1.
| Ош шаарынын 2015-жылга бюджетин, социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγн жана 2013-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитγγ жѳнγндѳ | 1-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия (ТДК)
|
2. | Ош шаарын 2014-2017-жылдарда ѳнγктγрγγ Программасынын 2014-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету | 1-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
3. | Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын 2014-жылдагы шаардагы кѳп кабаттуу γйлѳрдγ техникалык жактан тейлѳѳ боюнча отчету |
1-квартал | Ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
4. | Ош шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
5. | Ош шаарында спортту жайылтуу, пропагандалоо жана ѳнγктγрγγ боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ | 1-квартал | Социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
6.
| Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги имараттарды ремонттоо иштери γчγн 2014-жылга жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнгѳн акча каражаттарынын максаттуу пайдалануусу жана ремонттоо иштеринин сапаттуулугу жѳнγндѳ | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
7. | Ош шаарынын базарларындагы ишкерлер γчγн тγзγлгѳн шарттар жѳнγндѳ | 1-квартал | Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
8. | Ош шаардык Кеңешинин 2013-2014-жылдарда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жѳнγндѳ | 1-квартал | Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары |
9. | Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
10. | Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы №105-«Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жѳнγндѳ» токтомунун аткарылышы жѳнγндѳ | 2-квартал | Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
11. | Ош шаарында билим берγγ багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жѳнγндѳ | 2-квартал | Социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
12. | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
13. | «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын калкты тейлѳѳ жана жγргγнчγлѳрдγн коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ | 2-квартал | Ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
14. | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2015-2016-жылдарга карата кγз-кыш мезгилине даярдыгы жѳнγндѳ | 3-квартал | Ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
15. | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2015-жылга бюджетинин киреше бѳлγгγнγн аткарылышын камсыздоо боюнча жγргγзγп жаткан иштери жѳнγнжѳ |
3-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
16. | Ош шаарында диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ |
3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
17. | Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №93-«Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жγргγзγлγп жаткан иштер жѳнγндѳ» токтомунун аткарылышы жѳнγндѳ | 3-квартал | Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
18. | Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жѳнγндѳ | 3-квартал | Социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
19. | Кыргыз Республикасынын ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
20. | Ош шаардык ѳрткѳ каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
21. | 2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн жана жергиликтγγ бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету | 4-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
22. | Ош шаардык жγргγнчγлѳрдγ таашуу агенттигинин, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ |
4-квартал | Ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
23. | «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын Ош шаарынын калкын суу менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ |
4-квартал | Ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
24. | Ош шаардык Кеңешинин 2012-2015-жылдары мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жѳнγндѳ |
4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
25. | Ош шаарындагы аймактык кеңештердин жана аксакалдар сотторунун аткарган иштери жѳнγндѳ | 4-квартал | Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
26. | Ош шаарындагы «Боорукердик» γй-интернатынын коргоого муктаж болуп, кароосуз калган жарандарды тейлѳѳ ишмердиги жѳнγндѳ | 4-квартал | Социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
27. | Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жγргγзγп жаткан иштери жѳнγндѳ отчету |
4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
II | ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР |
|
|
1. | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана ѳз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
2. | Шаардык Кеңештин токтомдорунун жана Ош шаарынын 2014-2017-жылдарга карата ѳнγгγγ программасынын аткарылышын жерине чыгуу менен кѳзѳмѳлдѳѳ | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
3. | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана ѳкмѳттγк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдγγ катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4. | Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештери жана чет ѳлкѳлѳр менен жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу | Жыл ичи | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5. | Ар бир иш сапардан кийин, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдап тапшыруу | Дайыма | Шаардык Кеңештин депутаттары, аппарат кызматкерлери |
6. | Шаардык Кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында, тиешелγγ адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды ѳткѳрγγ
|
Зарылдыгына жараша
|
Шаардык Кеңештин аппараты
|
7. | Маанилγγ маселелер боюнча калк арасында коомдук угууларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
8. | Шайлоочулар менен жолугушууларды ѳткѳрγγ, аткарылган иштер боюнча отчет берγγ жана шайлоочуларды кабыл алуу | График боюнча | Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар |
9. | Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусунда айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды шаардык Кеңештин веб сайтында жана массалык маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырып туруу | Ар бир жолугушуудан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
10. | Сессияга даярдалган документтерди ѳз убагында кѳбѳйтγп, депутаттарга жеткирγγ | Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
11. | Сессиянын жγрγшγндѳ айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана аларды аткаруу γчγн шаардык мэрияга жана тиешелγγ мекемелерге жѳнѳтγγ, алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
12. | Иш планда белгиленген маселелерди ѳз убагында кароо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
13. | Шаарда ѳткѳрγлгѳн массалык маданий, спорттук иш- чараларга активдγγ катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңштин депутаттары, аппараты |
14. | Депутаттык милдеттерди аткаруу жѳнγндѳ шаардык Кеңештин веб-сайты, массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка маалымат берγγ | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары, аппараты |
15. | Шаардык Кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды шаардык Кеңештин веб-сайты, жергиликтγγ гезиттер, телевидение аркылуу калкка жеткирип туруу |
Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
16. | Шаардык Кеңешке келип тγшкѳн каттарды, арыздарды жана башка документтерди ѳз убагында каттоо, кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси: | С.Маматалиева |