Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 835
2026-жылдын жаңы жылдык каникулдарын узартуу жөнүндө
Үй-бүлө институтун бекемдөө, кышкы мектеп каникулдары учурунда ата-энелердин балдары менен чогуу эс алуусуна шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн жаңы жылдык каникулдар 2 календардык күнгө – 2026-жылдын 8 жана 9-январына узартылсын.
2. Жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомду өз ишинде колдонуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |