Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Ушул тескеменин 6-пункттуна ылайык
эки жыл ичинде колдонулат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-декабры № 1139-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 429 тескемесин ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти көчөлөрдүн төмөнкү участокторунда автомобиль жолдорун куруу боюнча жумуштардын заказчысы болуп аныкталсын:
1) Сухэ-Батор көчөсү Ауэзов көчөсүнөн долбоордук автожолго чектешкенге чейинки участокто;
2) Жукеев Пудовкин көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейинки участокто;
3) Иманалиев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки участокто көпүрөнү куруу менен долбоордук автожолго чектешкенге чейинки транспорттук түйүндү куруу менен;
4) Путепроводная (Лев Толстой) көчөсү Ауэзов көчөсүнөн долбоордук автожолго чектешкенге чейинки участокто;
5) Ахунбаев көчөсү Ауэзов көчөсүнөн долбоордук автожолго чектешкенге чейинки участокто.
2. Төмөнкүлөр ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн көчөлөрдө автомобиль жолдорун долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды берүүчүлөр (подрядчылар) болуп аныкталсын:
1) долбоорлоо-изилдөө иштери боюнча – “КейДжи Роад” жоопкерчилиги чектелген коому;
2) автомобиль жолдорун куруу боюнча – “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому.
3. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорун долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорун долбоорлоо жана куруу боюнча зарыл жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүгө, анын ичинде уруксат документтерин берүүгө, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө, курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүгө жана бүткөрүлгөн объекттерди пайдаланууга кабыл алууга белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |