Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 17-декабры № 63-17
Кыргыз Республикасынын электр тармактар комплексинин объекттеринде релелик коргоо, автоматика, аралыктан башкаруу жана сигнализация түзүлүштөрүн техникалык тейлөө Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын электр тармактар комплексинин объекттеринде релелик коргоо, автоматика, аралыктан башкаруу жана сигнализация түзүлүштөрүн техникалык тейлөө Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.
3. Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;
- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
Министри |
| Т.Ибраев |
Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 63-14 буйругуна
Кыргыз Республикасынын Электр тармактар комплексинин объекттеринде релелик коргоо, автоматика, аралыктан башкаруу жана белги берүү түзүлүштөрүн техникалык тейлөө эрежелери
Бөлүм 1. Колдонуу чөйрөсү
1. «Электр тармактар комплексинин объекттеринде релелик коргоо, автоматика, аралыктан башкаруу жана белги берүү түзүлүштөрүн техникалык тейлөө эрежелери» (мындан ары - Эрежелер) РКА электрмеханикалык жана микроэлектрондук түзүлүштөрү үчүн релелик корго, электравтоматика, электр станцияларын жана көмөкчордондордун аралыктан башкаруу жана белги берүүнүн түзүлмөнүн техникалык тейлөө эрежелеринин талаптарынын жана сунуштарынын негизинде иштелип чыккан, ошондой эле РКА азыркы МП түзүлүштөрүн жөнгө салуу жана техникалык тейлөө тажрыйбасын, эл аралык тажрыйбаны, өндүрүүчү заводдордун сунуштарын эске алат.