Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 12-декабры ПЖ № 359
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө
Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы инвестициялык саясатка жана инвестициялык долбоорлорго жана макулдашууларга тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
– жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары,
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин
төрагасы), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы”;
– он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисин кошпогондо, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси”.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:
– 13-пункттун “б” пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“инвестициялык макулдашууларды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка инвестициялык долбоорлорун жана программаларын иштеп чыгуу, макулдашуу жана түзүү процессин борборлоштурулган тартипте координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;”;
– 17, 18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: