Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1177-т
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 283-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2025-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |